Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаардык мэриясында башкарууну реформалоо чечимин кабыл алды.
Муниципалитеттин ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Анын курамына жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттер: Бекиев Б.Ж., Мурзаев С.К., Асанакунов Б.Ж., Балтагулов Ж.Т., Болтобаева В.М., Орозбаев Б.И., ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын бөлүм башчылары кирди.
Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А.С. Садырбековдун төрагалыгы алдында үч жумушчу кеңешме жана тармактык багытта төрт кеңешме өткөрүлдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө аппарат жетекчиси функционалдык талдоо жүргүзүүдө артыкчылыктуу багыттарды аныктады. Тактап айтканда, компакттуу, жогорку натыйжалуу жана ишенимдүү башкаруу системасын түзүү, кайталанма функцияларды аныктоо, Бишкек шаарынын мэриясына мүнөздүү жана адаттан тыш болгон аудиттин функцияларын аныктоо жана аларды бир сапка келтирүү, функцияларды тышкы аткаруучуларга - аутсорсингге өткөрүп берүү максатында функцияларын иретке келтирүү, типтештирүү.
Функционалдык талдоо жүргүзүүдө жумушчу топко жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосундагы, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ортосундагы компетенцияны аныктоого жана ыйгарым укуктарды чектөөгө, ишмердүүлүктүн эрежелерин белгилөөгө, жергиликтүү маселелерди чечүүгө калктын тикелей катышуусунун формасын, тартибин жана кепилдиктерин аныктоого байланыштуу бир катар маселелерди чечүү тапшырылды.
Жумушчу топтун ишинин негизги максаты – оптималдаштыруу Концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу жана Бишкек шаарын башкаруунун жаңы моделин киргизүү.
Бул реформанын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын акимчиликтерин жана муниципалдык аймактык башкармалыктарын кайра түзүү жолу менен “шаардык башкармалыктарды” түзүү пландалууда. Ошону менен бирге борбордун райондорунун административдик-аймактык бөлүнүшү өзгөрүүсүз калат.
Биринчи этапта башкаруунун бул моделин пилоттук режимде Свердлов районуна киргизүү пландаштырылууда, анда үч шаардык башкармалык иштейт. Калктын болжолдуу камтуусу болжол менен 90-100 миңди түзөт. Мындан тышкары, жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн шаар башкаруу органдарына ыйгарым укуктар берилип, каржыланат.
Башкаруунун жаңы моделин киргизүү менен борбордун тургундарына көрсөтүлүүчү муниципалдык, социалдык жана тейлөө кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу күтүлүүдө, мисалы:
- «шаардык башкармалыктардын» өз карамагындагы аймактагы жашоо-тиричилик маселелерин өз алдынча жана натыйжалуу чечүү («шаардык башкармалыктардын» калктын алдындагы түздөн-түз жоопкерчилиги);
- жарандардан келип түшкөн маселелерди ыкчам жана сапаттуу чечүү (калк алдында отчеттуулук);
- КТБ жана «шаардык башкармалыктарда» бирдиктүү терезе (калкты тейлөөдө жеткиликтүүлүк, ыңгайлуулук жана сапат);
- ар кандай менчик түрүндөгү юридикалык жактар менен санитардык тазалоо, бак-дарактарды санитардык кыюу, жашылдандыруу ж.б. маселелери боюнча түз келишимдерди түзүү. (аутсорсинг).
Белгилей кетсек, шаарды башкаруунун бул моделин ишке киргизүү менен Бишкек шаарынын мэриясы шаарды өнүктүрүүнүн стратегиялык маселелерин чечет.
Реформа Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлөт.