"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын
УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын (мындан ары - Ишкана) иш-аракеттерин регламенттейт.
2. Бишкек шаарынын мэриясы Ишкананын Уюмдаштыруучусу болуп саналат. Ушул Устав Ишкананын Уюмдаштыруу документи болуп саналат.
3. Ишкана өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерин, Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген, муниципалдык ишкана уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат жана өз иш-аракеттерин толук чарба жүргүзүү эсебинин жана өзүн-өзү каржылоонун негизинде жүзөгө ашырат, чарбалык келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жүргүзүүгө, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана милдеттенмелерди алууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
5. Ишкана өз алдынча баланска, Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде эсептешүү жана башка эсептерге, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы бар мөөргө, штамптарга жана белгиленген үлгүдөгү бланктарга ээ.
6. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы";
- расмий тилде: "Муниципальное предприятие "Бишкекасфальтсервис".
Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "БАС" МИ";
- расмий тилде: "МП "БАС".
7. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720015, Бишкек шаары, Хвойная көчөсү, 70.
2. Ишкананын иш-аракеттеринин предмети жана максаттары
8. Ишкана шаардын жолдорун жана көрктөндүрүү объекттерин сапаттуу долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону жана күтүүнү камсыз кылуу максатында, ушул Уставда аныкталган иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.
3. Ишкананын милдеттери жана иш-милдеттери
9. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- жолдорду жана көрктөндүрүү объекттерин куруу, оңдоо боюнча жумуштарды аткаруу;
- асфальт-бетон аралашмаларын, темир-бетон буюмдарын, жол жана жол куруу материалдарын даярдоо жана чыгаруу, шаардын жолдордун жана жумуштардын башка түрлөрүн куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү;
- Бишкек шаарынын аймагында транспорттун жана калктын коопсуз кыймылы үчүн шаар жолдорунун сапатын түзүү жана кармоо;
Ишкана жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөндөгү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:
- асфальт-бетон жана бетон аралашмаларын, темир-бетон буюмдарды жана конструкцияларды, инерттик материалдарды жана башкаларды өндүрүү;
- шаардын автомобилдик жолдорун реконструкциялоо, куруу, оңдоо жана күтүү (туз себүүсүз);
- жол, тротуар кыртыштарын жана башка инфратүзүмдөрдү капиталдык, утурумдук оңдоо;
- жолдун темир-бетон конструкцияларын, анын ичинде көпүрөлөрдү, жол өткөөлдөрүн, түйүндөрдү жана башкаларды куруу жана күтүү;
- оңдоо-калыбына келтирүү жумуштары: малярдык жумуштар, жол бортторун жасоо, алмаштыруу жана түздөө, жаан торлорун орнотуу;
- түзүлгөн келишимге ылайык юридикалык жактар тарабынан жер алдындагы коммуникацияларды оңдоо жумуштары жүргүзүлгөндөн кийин жолдун асфальт-бетон кыртышын калыбына келтирүү;
- шаар жолдоруна жол чийин белгилерин түшүрүү (термопластик, муздак пластик жана жол сырлары менен) жана жол чийин белгилерин жаңыртуу, аны жыл бою талаптагыдай абалда күтүү (өзгөчө жол кесилиштеринде, мектептердин жана ооруканалардын жанындагы);
- курулуш материалдарынын жана аткарылган жумуштун сапатын лабораториялык контролдоо;
- жолдорду текшерүүгө катышуу;
- юридикалык жана жеке жактарга жол-курулуш материалдарын жеткирүү маселелери боюнча кызмат көрсөтүү;
- жер казуу иштерин жүргүзүү;
- жолдорду куруу жана капиталдык оңдоого, асфальт-бетон аралашмаларын жеткирип берүү үчүн Кыргыз Республикасындагы жана анын сыртындагы подряддык уюмдар менен келишимдерди түзүү;
- кайра оңдолгон шаар жолдорун кепилденген мөөнөтү аяктагандан кийин андан ары күтүү жана тейлөө үчүн баланска кабыл алуу (реконструкциялоодон, капиталдык оңдоодон кийин);
- юридикалык жана жеке жактарга жолдордун асфальт-бетон кыртышын ачууга берилген ордерлерди макулдашуу;
- транспорттук кызмат көрсөтүү, турак жай короолорун жана аянттарды асфальттоо;
- тосмолорду, жол белгилерин, аялдама комплекстерин жана башка көрктөндүрүү элементтерин даярдоо;
- чарба объекттерин (даараткана), техникалык жайларды жана жеңил конструкциядагы курулмаларды куруу;
- коомдук колдонуудагы сейил бактарда аркадан кирүү тобун тургузуу, чакан архитектуралык формаларды даярдоо жана орнотуу;
- автомобилдик көпүрөлөрдү, жөө жүрүүчүлөр көпүрөлөрүн, арык көпүрөлөрүн куруу;
- брусчатка жана башка түрдөгү жол кыртышын төшөө;
- сейил бактарды, гүл бакчаларды, эс алуу зоналарын, жөө жүрүүчүлөр өтүүчү көчөлөрдү, веложолдорду, спорттук курулмаларды, аянтчаларды жана коомдук жайларды куруу;
- жол алдынан жана жол үстүнөн өтүүчү өтмөктөрдү куруу.
10. Ишкана жолдорду оңдоо боюнча подряддык жумуштарды аткарууну илимдин жана техниканын жетишкендиктеринин негизинде, колдонулган бардык ресурстардын түрлөрүн үнөмдөө жана өндүрүш кубаттуулугун толук пайдалануу менен камсыздайт.
11. Ишкана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча керектүү иш-чараларды жүзөгө ашырат.
4. Ишкананын укуктары жана милдеттери
12. Ишкана төмөндөгүлөргө укуктуу:
- долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча тапшырыкчы болууга;
- чарба жүргүзүү укугунда өз мүлкүнө ээ болууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, өз иш-аракетинин максаттарына жана мүлкүнүн багытталышына ылайык, аларга ээлик кылууга жана пайдаланууга;
- Ишкананын иш-милдеттерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эмгек макулдашууларын, мөөнөттүү эмгек келишимдерин, подряддык келишимдерди жана башка жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө;
- Ишкананын алдында турган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында, белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан керектүү маалыматтарды суроого жана алууга;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик чарба департаменти менен макулдашуу боюнча начальник тарабынан уставдык иш-аракеттердин аткарылышында көрсөтүлгөн кызматтарга жана өндүрүлгөн товарларга карата бааларды бекитүүгө;
- асфальт-бетон жана бетон аралашмаларын, темир-бетон буюмдарын жана конструкцияларын, курулуш жана инерттик материалдарды, анын ичинде жол кыртыштары жана аймактарды көрктөндүрүү ж.б. үчүн өндүрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган жумуштардын башка түрлөрүн аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө;
- Уюмдаштыруучунун макулдугу менен башка юридикалык жактарды уюмдаштырууга;
- экономикалык жана социалдык өнүктүрүү багыттарын аныктоого;
- финансы-чарбалык иш-аракеттерди өз алдынча жүзөгө ашырууга;
- Ишкананын өндүрүштүк программасын Бишкек шаарынын мэриясы менен макулдашуу боюнча иш-аракеттердин негизги багыттарына ылайык иштеп чыгууга;
- Ишкананын жумушчуларынын санын жана эмгек акы төлөө фондун, эмгек акы төлөө формасын жана тутумун белгиленген тартипте аныктоого;
- Ишкананын жумушчуларынын эмгек күн тартибин жана иштөө шарттамын белгилөөгө;
- кадрлар менен камсыздоо маселелерин өз алдынча чечүүгө;
- Ишкананын социалдык-тиричилик базасын өнүктүрүүгө;
- өз иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн бар болгон каражаттарынын чегинде юридикалык жана жеке жактардан зарыл болгон жумуштарды жана кызматтарды кабыл алууга;
- белгиленген тартипте зайымдык жана кредиттик каражаттарды тартууга;
- менчик формасына карабастан ишканалар, уюмдар, жеке жактар менен техникалык багыттагы продукцияны жеткирүүгө келишимдерди түзүүгө;
- чарбалык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон жумуштарды, кызматтарды жана башка коммерциялык операцияларды аткарууга, анын ичинде: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын макулдугу менен кыймылсыз мүлк алууга, жумушту үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн керектүү базаларды, кампаларды жана сактоочу жайларды түзүүгө, товардык-материалдык баалуулуктардын запасын түзүүгө, конкурстарга катышууга тапшырык берүүгө;
- Ишкананын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон жол-курулуш техникасын, жеңил жана адистештирилген автомобилдерди, механизмдерди жана жабдууларды белгиленген тартипте чет мамлекеттен сатып алууга;
- өз менчигинде мүлккө ээ болууга жана өз милдеттери боюнча жер участокторунан тышкары бардык мүлкү менен жооп берүүгө;
- мүлктүк укуктарга ээ болууга жана жүзөгө ашырууга;
- сотто доогер жана жоопкер болууга;
- Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада алыш-бериш жана башка эсептерин ачууга;
- акча каражаттарын жана мүлкүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген тартипте тескөөгө;
- Ишкананын иш-аракеттеринин максаттарына ылайык башка укуктарга.
13. Ишкана төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- чарба жүргүзүү укугуна ага өткөрүлүп берилген мүлктү сактоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө;
- жумушчулар үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана белгиленген тартипте алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген залал үчүн жоопкерчилик тартууга;
- өз милдеттенмелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырды жана купуя маалыматты сактоону камсыздоого;
- өз компетенциясынын чегинде калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүгө;
- Ишкананын жумушчуларын социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого;
- өз иш-аракеттерин ушул Уставга, Уюмдаштыруучунун актыларына жана талаптарына ылайык жүзөгө ашырууга;
- Ишкананын иш-аракетине байланышкан маалыматтарды белгиленген компетенциянын чегинде берүүгө.
Ишкана бекитилген мүлктүн техникалык абалынын начарлашына жол бербөөгө тийиш (бул талап эксплуатациялоо процессинде мүлктүн ченемдик жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланышкан начарлоого жайылтылбайт).
Ишкана Уюмдаштыруучу менен макулдашуу боюнча, эгер ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе, ушул Уставда көрсөтүлбөгөн башка укуктарга жана милдеттерге ээ боло алат.
14. Ишкана Уюмдаштыруучунун карыздары боюнча, ал эми Уюмдаштыруучу Ишкананын карыздары боюнча жоопкерчилик тартпайт.
5. Ишкананы башкаруу
15. Ишкананын иш-аракеттерин жалпы жетектөөнү жана координациялоону Уюмдаштыруучу жүзөгө ашырат. Уюмдаштыруучу Ишкананын иш-аракеттерине тиешелүү ар кандай маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
Ишкананын кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасы, түзүмү, штаттык саны жана штаттык ырааттамасы Уюмдаштыруучунун чечими менен бекитилет.
16. Ишкананы учурдагы башкарууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу начальник жүзөгө ашырат.
17. Ишкананын начальниги укуктарга, милдеттерге ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.
18. Начальник Бишкек шаарынын мэрине жана Бишкек шаарынын тейлөөчү вице-мэрине отчёт берет, Ишкананын иш-аракеттерин жүзөгө ашырууга жана жүктөлгөн милдеттердин жана иш-милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
19. Начальник Ишкананын башкы инженеринен тышкары Ишкананын кызматкерлерин дайындоо жана кызматтан бошотуу укугуна ээ.
20. Ишкананын начальниги Ишкананын атынан иш жүргүзөт, ишеним катсыз келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин жана башка эсептерди ачат, ушул Устав менен белгиленген чектерде каражаттарды тескөө укугуна ээ болот, белгиленген тартипте Ишкананын бардык жумушчулары тарабынан милдеттүү буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү берет, Ишкананын кызыкчылыктарын соттордо, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде көздөйт.
21. Начальник Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана иш-милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
22. Ишканада Бишкек шаарынын тейлөөчү вице-мэринин сунушу менен Бишкек шаарынын мэри тарабынан белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы инженердин кызмат орду каралган.
23. Башкы инженер Ишкананын компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, жеке жоопкерчилик участокторуна ылайык, начальник жана башкы инженердин ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык ага жүктөлгөн өз ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын иш-аракеттерин жетектөөнү жүзөгө ашырат.
24. Ишкананын начальниги иште жок учурда (убактылуу эмгекке жарамсыздыгы, кызматтык иш сапары, окуу ж.б.) же ыйгарым укуктары токтотулган учурда, анын ыйгарым укуктарын Ишкананын башкы инженери убактылуу жүзөгө ашырат. Ишкананын башкы инженерине Ишкананын финансылык документтерине кол коюу укугу начальниктин тийиштүү буйругунун же мэриянын тийиштүү чечиминин негизинде берилет.
25. Ишкананын кызматкерлеринин иш жана эс алуу шарттамы, аларды социалдык камсыздоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
6. Мүлкү жана финансы каражаттары
26. Ишкананын материалдык базасын Ишканага чарба жүргүзүү укугунда берилген, наркы бухгалтердик баланста чагылдырылган негизги өндүрүштүк фонддордон жана жүгүртүү каражаттарынан турган анын мүлкү түзөт.
27. Ишкананын финансылык базасын өндүрүштүк иш-аракеттин жыйынтыгында жана долбоордук келишимдер боюнча башка жумуштар үчүн алынган финансылык каражаттар жана башка ресурстар, ошондой эле максаттуу багыттар боюнча багытталган каражаттар түзөт.
28. Ишкана өзүнө таандык чарба жүргүзүү укугунда берилген кыймылсыз мүлктү менчик ээси менен макулдашуусуз сатууга, ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым катары (үлүштөш салым) киргизүүгө же башка ыкма менен мүлктү тескөөгө укуктуу эмес.
29. Ишкананын мүлкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган жана ушул Устав менен каралган иш-аракеттердин түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн ага бекитип берилет.
30. Ишкана тарабынан финансылык-чарбалык иш-аракеттерден жана башка булактардан түшкөн кирешенин эсебинен курулган же сатып алынган мүлк муниципалдык менчикке түшөт жана Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилет.
31. Ишкана тарабынан чарбалык иш-аракеттердин натыйжасында алынган пайдага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш. Жылдык финансы-чарбалык иш-аракеттердин жыйынтыктары боюнча Ишкананын 50 пайыздан кем эмес таза пайдасы отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө жергиликтүү бюджетке которулууга тийиш. Таза пайданын калдыгы Ишкананын фондун түзүү үчүн пайдаланылат.
7. Эсепке алуу, отчеттуулук жана контролдоо
32. Ишкана бухгалтердик жана статистикалык эсепти жана отчёттуулукту жүргүзөт, белгиленген мөөнөттө бардык инстанцияларга отчёт берүүнү камсыздоо жана анын сапатына жана аныктыгына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
33. Ишкана ыкчам жана бухгалтердик эсепти жана жыйынтыктардын отчёттуулугун белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.
34. Ишкана өз иш-аракеттерин иштелип чыккан жана бекитилген иш пландарынын негизинде жүзөгө ашырат.
35. Ишкананын финансылык-чарбалык иш-аракеттерин контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы жана контролдоочу органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
36. Ишкананын начальниги жана башкы бухгалтери Ишкананын финансылык каражаттарын жана мүлкүн эсепке алуунун тууралыгы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартышат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук материалдык жоопкерчилик тартышат.
8. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
37. Ишкананы кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүштүрүү, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) Уюмдаштыруучунун чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
38. Ишкананы жоюу (иш-аракеттерин токтотуу) Уюмдаштыруучунун чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жана учурларда соттун чечими менен жүргүзүлөт.
39. Кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин калган Ишкананын мүлкү, бул мүлккө буюмдук укукка ээ болгон, анын Уюмдаштыруучусуна өткөрүп берилет.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 23-беренесине ылайык, муниципалдык жерди пайдалануучунун колдонуусунда турган жер участогу, ага таандык имараттарды жана курулмаларды өндүрүп алуу учурларынан тышкары, жер пайдалануучулардын банкрот болгон учурлары менен бирге, кредиторлордун доосу боюнча өндүрүп алуу предмети боло албайт.
40. Ишкана каттоо органы тарабынан тийиштүү буйрук чыгарылган учурдан тартып жоюлду деп эсептелет.
41. Ишкана кайра уюштурулган же жоюлган учурда иштен бошотулган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган өлчөмдөрдө компенсация төлөнөт.
42. Ишкананын иш-аракеттеринин процессинде пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.