Бишкек шаарынын мэриясынын
Капиталдык курулуш башкармалыгы жөнүндө жобо
- Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын (мындан ары – Башкармалык) иш-аракеттеринин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Башкармалык Бишкек шаарынын аймагында социалдык-маданий, турак жай жана тиричилик багытындагы объекттерди куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоону жана реставрациялоону аткаруу боюнча тапшырыкчы-куруучунун жана техникалык көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруучу Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
3. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын укук мурасчысы болуп саналат.
4. Башкармалык мекеме - уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска, банк мекемелеринде эсептерге, бюджеттик эсептешүү эсебине, казыналык органдарда (Бишкек шаары боюнча регионалдык казыналык бөлүмү) депозиттик эсепке, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөргө, фирмалык бланктарга, штамптарга жана башка реквизиттерге жана расмий атрибуттарга ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто доогер жана жоопкер болуп чыгууга укуктуу.
- Башкармалык өз ыйгарым укуктарынын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көрсөтөт жана өз иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актыларына, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерине, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
- Башкармалык өз иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.
7. Башкармалыктын мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Ушул Жободо көрсөтүлгөндөргө кирбеген Башкармалыкты түзүүгө жана анын иш-аракеттерине тийиштүү бардык маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
- Башкармалыктын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы»;
- расмий тилде: «Управление капитального строительства мэрии города Бишкек».
- Башкармалыктын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: «ККБ»;
- расмий тилде: «УКС»
- Башкармалыктын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 175.
- Башкармалыктын кызматкерлери муниципалдык кызматчылар болуп саналышат.
- Башкармалыктын компетенциясынын чегинде кабыл алынган актылары бардык мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Башкармалыктын максаты жана милдеттери
- Башкармалыктын иш-аракеттеринин максаты Бишкек шаарынын аймагында социалдык-маданий, турак жай жана тиричилик багытындагы объекттерди куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоону жана реставрациялоону аткаруу боюнча тапшырыкчы-куруучунун жана техникалык көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруу аркылуу капиталдык салымдарды натыйжалуу өздөштүрүү болуп саналат.
- Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- белгиленген тартипте бекитилген Бишкек шаарын экономикалык жана социалдык өнүктүрүү пландарын ишке ашырууну курулууга тийиш курулуш объекттерин жайгаштырууга жана шаардык аймактарды деталдуу пландаштыруу долбоорлоруна карата долбоордук талаптарды сактоо менен план ченемдүү жүзөгө ашыруу;
- Бишкек шаарынын аймагында социалдык-маданий, турак жай жана тиричилик багытындагы объекттерди капиталдык курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону жана реставрациялоону ишке ашырууга багытталган бюджеттик каражаттардын көлөмүн келечектүү жана жылдык пландаштыруу;
- капиталдык салымдарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо жана инвестициялыкциклдин узактыгын кыскартуу;
- инвестициялык процесстин башка катышуучулары менен биргеликте социалдык-маданий,турак жай жана тиричилик багытындагы объекттердижана өндүрүштүк кубаттуулуктарын аларды долбоорлоонун жана куруунун узактыгынын ченемдерине ылайык жана каржылоо лимитин эске алуу менен белгиленген мөөнөттө эксплуатацияга киргизүү боюнча тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо;
- илим жана техниканын жаңы жетишкендиктерине шайкеш келген прогрессивдүү технологияларды, жабдууларды, материалдарды, конструкцияларды жана буюмдарды, өндүрүштү, эмгекти жана башкарууну уюштуруунун алдыңкы усулдарын колдонуунун негизинде долбоордук чечимдердин натыйжалуулугун, ошондой эле аткарылып жаткан курулуш-монтаждоо жумуштарынын сапатына карата заманбап талаптардын сакталышын камсыздоо.
3. Башкармалыктын негизги функциялары
- Башкармалык жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөндөгү функцияларды жүзөгө ашырат:
- Бишкек шаарынын аймагында социалдык-маданий, турак жай жана тиричилик багытындагы объекттерди капиталдык куруу жана реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана реставрациялоо боюнча тапшырыкчы-куруучунун жана техникалык көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруу;
- Бишкек шаарынын аймагындагы социалдык-маданий, турак жай жана тиричилик багытындагы объекттерди курууга жана реконструкциялоого, капиталдык оңдоого жана реставрациялоого байланышкан курулмаларды бузуу боюнча бирдиктүү тапшырыкчынын функцияларын жүзөгө ашыруу;
- Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган компетенциялардын жана ыйгарым укуктардын чегинде бүтпөгөн курулуш объекттерин эсепке алуу жана контролдоо;
- Бишкек шаарынын аймагында социалдык-маданий, турак жай жана тиричилик багытындагы объекттерди капиталдык курууну жана реконструкциялоону, капиталдык оңдоону жана реставрациялоону камтыган келечектүү жана жылдык пландарды, титулдук тизмелерди бюджеттик каражаттардын лимиттеринин чегинде түзүүгө катышуу, ошондой эле бюджеттик ассигнованиелердин бекитилген лимиттеринин чегинде объекттер боюнча курулуш-монтаждоо жана оңдоо-курулуш жумуштарына каралган бюджеттик каражаттардын көлөмдөрүн кайра кароого катышуу;
- Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан, республикалык жана шаардык бюджеттерден каржылануучу социалдык-маданий, турак жай жана тиричилик багытындагы объекттерди капиталдык курууну жана реконструкциялоону, капиталдык оңдоону жана реставрациялоону уюштуруу, жөнгө салуу жана башкаруу;
- курулушу бүтпөгөн объекттерди жоюу боюнча комиссиянын ишин уюштуруу;
- бузулуучу курулмалардын абалын баалоо, ошондой эле курулмаларды бузууда келип чыккан талаштарды чечүү боюнча комиссиялардын ишин уюштуруу жана катышуу;
- долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу үчүн негизги маалыматтарды берүү, алардын толуктугун жана сапатын камсыздоо;
- долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгууга карата архитектуралык-пландаштыруу жана инженердик-пландаштыруу тапшырмасын иштеп чыгууга катышуу, аны белгиленген тартипте менчигинин түрүнө карабастан уюштуруучунун же инвестордун атынан инвестициялык подряддык келишим боюнча макулдашууну жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну белгиленген тартипте жүргүзүү;
- тийиштүү лицензиясы бар юридикалык жана жеке жактар менен долбоорлоо-иликтөө жана илимий-изилдөө иштерин аткарууга келишимдерди түзүү;
- эксплуатациялык кызматтардан долбоорлонуп жаткан объектти тийиштүү коммуникацияларга кошууга карата техникалык шарттарды алуу;
- тийиштүү лицензиялары бар долбоорлоо уюмдарында долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгууга тапшырыктарды белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу;
- долбоорлордун авторлорун долбоорлоо-иликтөө иштерин жүргүзүү жана долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон негизги маалыматтар менен камсыздоо;
- архитектуралык-курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана тийиштүү эксплуатациялык кызматтарда долбоордук чечимдерди белгиленген тартипе макулдашууну жүзөгө ашыруу;
- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана тапшыруу графигин долбоорлоо уюмдары менен макулдашуу, анын сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
- белгиленген тартипте долбоордук-сметалык документтерди макулдашууну, бекитүүнү жана кайра бекитүүнү жүргүзүү, ошондой эле подряддык уюмдардын жана архитектуралык-курулуш иш-аракеттери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик экспертиза органынын эскертүүлөрүнө жана корутундуларына ылайык долбоордук-сметалык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- белгиленген тартипте тандап алынган жана тийиштүү лицензиясы бар юридикалык жана жеке жактар менен курулуш-монтаждоо жана оңдоо-курулуш жумуштарын аткарууга карата подряддык келишимдерди түзүү;
- белгиленген тартипте тандап алынган жана тийиштүү лицензиясы бар юридикалык жана жеке жактар менен долбоорлоочулардын, подрядчылардын жана монтажчылардын, зарыл учурда - даярдоочу-заводдордун өкүлдөрүнүн катышуусунда шефмонтаждоо жана ишке киргизүү иштерин аткарууга, жабдууну комплекстүү сыноодон өткөрүүгө келишимдерди түзүү;
- тийиштүүчыгашалардын статьялары боюнча бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын жана курулушу аяктаган объекттер боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн чегинде долбоорлоо-иликтөө, курулуш-монтаждоо жана оңдоо-курулуш жумуштарын аткарууга карата банк мекемелеринде каржылоонун өз убагында ачылышын камсыздоо, ошондой эле банк мекемелерине жана казначылыкка бардык зарыл документтерди берүү;
- бухгалтердик, оперативдик жана статистикалык эсепти жүргүзүү, алардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик жүктөө менен иш-аракеттердин бардык түрлөрү боюнча бекитилген формаларга ылайык отчеттуулукту түзүү жана белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдарга берүү;
- аткарылган жумуштар, жеткирилип берилген продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн бааларды жана подрядык уюмдардын акы төлөөгө берилген документтерин текшерүү;
- подрядчыларга, жеткирип берүүчүлөргө, долбоорлоо-иликтөө уюмдарына, юридикалык жана жеке жактарга келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы, же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн дооматтарды өз убагында коюу;
- курулуш аянтчаларын даярдоого жана өздөштүрүүгө катышуу;
- курулуш үчүн геодезиялык бөлүү негизин түзүү;
- курулуш объекттерин белгиленген тартипте каттоо, кайра катоо жана тийиштүү квалифициялык тастыктамасы бар курулуш жумуштарын, автордук жана техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү үчүн жооптуу жактарды аныктоо;
- курулуш-монтаждоо жумуштарын аткарууга тийиштүү уруксаттарды алуу;
- объекттердин курулушун жана курулуш-монтаждоо, оңдоо-курулуш жумуштарынын аткарылган көлөмдөрүнүн бекитилген долбоорлоо чечимдерине, долбоорлоо-сметалык документтерге ылайык келишин, ошондой эле жумуштарды аткарууда курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин (КЧжЭ) сакталышын жана сапатын контролго алууну жана техникалык көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
- объекттердин курулуш мөөнөттөрүн сактоо боюнча чараларды кабыл алуу;
- долбоорлоо уюмдары тарабынан автордук көзөмөлдүн жүзөгө ашырылышын камсыздоо;
- тургузулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын бекемдигине жана жер титирөөгө туруктуулугуна таасирин тийгизбеген инженердик, конструкциялык жана архитектуралык-пландык өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин долбоордун автору менен макулдашуу, кийин макулдашылган бардык өзгөртүүлөрдү бекитилген долбоорлоо-сметалык документтерге белгиленген тартипте киргизүү;
- курулуш жумуштарын аткарууда колдонулуучу материалдардын, конструкциялардын жана буюмдардын сапатын ырастоочу даярдоочу заводдун жана курулуш продукцияларын тастыктоо боюнча мамлекеттик органдын тастыктамаларынын жана паспортторунун бар экендигин текшерүү;
- жалпы курулуш жумуштарын, атайын жумуштарды жүргүзүү журналдарын өз убагында жана туура толтурууну контролдоону жүзөгө ашыруу, ал эми эреже бузуулар табылган учурда кетирилген эреже бузууларды көрсөтүлгөн мөөнөттө жоюу боюнча тез чараларды көрүү жөнүндө подрядчы уюмдарга карата талап коюу;
- көмүскө жумуштарды күбөлөндүрүү актыларын жана металл каркастарынын ширетилген бирикмелеринин жана металл конструкцияларынын бекемдигин, монолит бетонунан жасалган курулуш конструкцияларынын бекемдигин лабораториялык сыноонун жыйынтыктарын эске алуу менен жооптуу конструкцияларды орто-аралыкта кабыл алуунун жана кыш кыноонун долбоордук категориясынын ылайыктуулугунун, ошондой эле кабаттар боюнча аткаруу схемаларынын актыларын иш жүзүндөгү четтөөлөрдү милдеттүү түрдө киргизүү менен жол-жоболоштуруу;
- жабдууларды, тышкы жана ички сантехникалык жана электр монтаждоо тутумдарын күбөлөндүрүүгө жана сыноого түздөн-түз катышуу, аткарылган жумуштарды кабыл алуунун тийиштүү актыларын түзүүгө жана аларга кол тамга коюуга катышуу;
- Бишкек шаарынын социалдык-маданий, турак жай жана тиричилик багытындагы объекттерин, инфраструктура объекттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте эксплуатацияга киргизүүнү камсыздоо;
- курулуп бүткөн объектти эксплуатацияга кабыл алуу боюнча жумушчу комиссияларды белгиленген тартипте уюштуруу жана өткөрүү, кабыл алуу комиссиясынын актысын бекитүү жана мамлекеттик кабыл алуу комиссиясына түздөн-түз катышуу;
- объектти бекитилген долбоорлоо-сметалык жана аткаруучу техникалык документтери менен Бишкек шаарынын тийиштүү эксплуатациялоочу уюмдарынын жана кызматтарынын, ишканаларынын жана мекемелеринин балансына өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жол-жоболоштуруу.
4. Башкармалыктын укуктары жана милдеттери
- Башкармалык төмөндөгү укуктарга ээ:
- оперативдүү башкаруу укугунда өз мүлкүнө ээ болууга, өз иш-аракеттеринин максаттарына жана мүлкүнүн дайындалышына ылайык аларга ээлик кылууга жана пайдаланууга;
- Башкармалыкка ишенип берилген мүлктү камсыздандыруу менен коргоону жүзөгө ашырууга багытталганиш-чараларды ишке ашырууга;
- сот органдарында Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө, ошондой эле өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын сот органдарында доолорду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунуннатыйжасында келтирилген зыянды өндүрүү жөнүндө доолорду берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Башкармалыктын ишин камсыздоого багытталган келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды жана башка документтерди түзүүгө;
- Бишкек шаарынын мэриясына Башкармалыктын иш-аракеттеринин ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссиялардын, атайын жумушчу топтордун ишине катышууга;
- Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алууга, түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, алар боюнча зарыл чараларды көрүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
18. Башкармалык төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Башкармалыктын кызматкерлерин эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартууга;
- Башкармалыктын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана башка милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү менен камсыздоого;
- мамлекеттик жашыруун жана конфиденциалдуу маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоону камсыздоого;
- Башкармалыкка оперативдүү башкаруу укугунда өткөрүп берилген мүлктүн сакталышын камсыздоого;
- белгиленген тартипте башка милдеттерди аткарууга.
- Башкармалыктын иш-аракеттерин уюштуруу
19. Башкармалыктын уюштуруучусу жана жогорку башкаруу органы болуп Бишкек шаарынын мэриясы саналат, ал мыйзамдарга ылайык Башкармалыкты түзүү, Башкармалык жөнүндө жобону бекитүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, Башкармалыкты кайра түзүү жана жоюу, Башкармалыктын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү маселелерин чечет.
20. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын иш-аракеттерине тиешелүү бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
21. Башкармалыктын жетекчиси болуп - муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык Бишкек шаарынын мэри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу начальник саналат.
22. Башкармалыктын начальниги:
- Башкармалыктын иш-аракеттерин уюштурат жана жетектейт;
- Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- белгиленген штаттык сандын чегинде Башкармалыктын штаттык ырааттамасын жана иштөө тартибин Бишкек шаарынын мэриясына бекитүүгө берет;
- штаттык ырааттамага жана Кыргыз Республикасынын эмгек жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Башкармалыктын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин коомдук жана эл аралык уюмдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелерде Башкармалыктын атынан чыгат;
- ишеним катсыз Башкармалыктын атынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
- Башкармалыктын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Башкармалыктын мүлкүн, анын ичинде акча каражаттарын башкарат;
- Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Башкармалыктын кызматкерлерине карата сыйлоо жана жазалоо чараларын кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өндүрүштүк зарылчылыкты эске алуу менен Башкармалыктын иш шарттамын белгилейт;
- өзүнүн орун басарларынын компетенциясын аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктарда эсептерди ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансылык документтерге кол тамга коёт, финансылык жана эсептик тартиптин сакталышын камсыздайт.
23. Башкармалыктын штатында начальниктин орун басарларынын кызмат орундары каралган.
Башкармалыктын начальнигинин орун басарлары муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэри тарабынан кызмат ордуна дайындалышат жана кызмат ордунан бошотулушат.
Башкармалыктын начальниги иште жок учурда (убактылуу эмгекке жарамсыздык, кызматтык иш сапары же өргүү) же ыйгарым укуктары токтотулган учурда, анын ыйгарым укуктарын орун басарларынын бири убактылуу жүзөгө ашырат.
Башкармалыктын финансылык документтерине кол тамга коюу укугу Башкармалыктын начальнигинин тийиштүү буйругунун же Бишкек шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде начальниктин орун басарларынын бирине берилет.
Начальниктин орун басарлары функционалдык милдеттери жана Башкармалыктын начальнигинин буйруктары тарабынан белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барышат.
- Башкармалыктын мүлкү
24. Башкармалыктын мүлкүн ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген, анын өз алдынча балансында көрсөтүлгөн негизги жана жүгүртмө каражаттар, финансылык ресурстар (интеллектуалдык менчиктин объекттерин кошуу менен) түзөт.
Башкармалык ага бекитилип берилген мүлктү (негизги каражаттарды) Бишкек шаарынын мэриясынын макулдугу менен гана тескөөгө укуктуу.
25. Башкармалыкты күтүүгө чыгымдарды каржылоо Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык Бишкек шаарынын бюджетинин эсебинен жүзөгө ашырылат.
- Эсепке алуу жана отчёттуулук
26. Башкармалыктын иш-аракеттерин контролдоону Бишкек шаарынын мэриясы жүзөгө ашырат. Башкармалык өз иш-аракеттеринде Бишкек шаарынын мэриясына отчёт берет.
27. Башкармалык мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте жана аныкталган мөөнөттөрдө бухгалтердик жана статистикалык отчёттуулукту берет. Башкармалыктын иш-аракеттерин текшерүүнү ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү ыйгарым укуктарга ээ уюмдар жүзөгө ашырат.
28. Башкармалыктын начальниги жана башкы бухгалтери эсепке алуунун тууралыгы жана Башкармалыктын финансы каражаттарын жана мүлкүн максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартышат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык жоопкерчилик тартышат.
- Башкармалыкты кайра түзүү жана жоюу
29. Башкармалыкты кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
30. Башкармалыктын иш-аракеттерин токтотуу Бишкек шаарынын мэриясынын чечими же сот органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
31. Башкармалыкты жоюу, Башкармалыкты жоюнун тартибин жана мөөнөттөрүн белгилей турган Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан дайындалган жоюу комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
32. Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып Башкармалыктын мүлкүнөн ажыратууга же карыздарын төлөөгө багытталган кредиторлордун бардык талаптары жоюу комиссиясынын макулдугу менен гана канааттандырылат.
33. Каттоо органы тарабынан тийиштүү буйрук чыгарылган күндөн тартып, жоюу аяктады, ал эми Башкармалык өз иш-аракетин токтотту деп эсептелет.
34. Кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин калган Башкармалыктын мүлкү, бул мүлккө карата буюмдук укукка ээ болгон же Башкармалыкка карата милдеттенмелик укугу бар Бишкек шаарынын мэриясы болгон, анын уюштуруучусуна өткөрүп берилет.
35. Иш процессинде пайда болгон документтер жоюу учурунда «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.