- Жалпы жоболор
- Ушул Жобо Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынын (мындан ары – Муниципалдык инспекция) иш-аракеттеринин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
- Муниципалдык инспекция менчигинин түрүнө карабастан, жеке жана юридикалык жактар тарабынан көрктөндүрүү эрежелеринин жана санитардык ченемдердин сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруучу Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
- Муниципалдык инспекция Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынын укук мурасчысы болуп саналат.
- Муниципалдык инспекция уюштуруу-укуктук түрүндөгү юридикалык жак болуп саналып, өз алдынча баланска, банк мекемелеринде эсептерге, бюджеттик эсептешүү эсептерине, казыналык органдарында (Бишкек шаары боюнча райондордун казына бөлүмдөрү) депозиттик эсептерге, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен гербдик мөөргө, фирмалык бланктарга, штампка жана башка кабыл алынган реквизиттерге жана расмий атрибуттарга ээ жана сотто Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык доогер жана жоопкер болуп чыгууга укуктуу.
- Муниципалдык инспекция өз ыйгарым укуктарынын алкагында, Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын коргойт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актыларына, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерине, ошондой эле ушул Жобого ылайык өз иш-аракеттерин жүзөгө ашырат.
- Муниципалдык инспекция өз иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.
- Муниципалдык инспекциянын мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчик түрүнө карабастан, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
- Муниципалдык инспекциянын түзүлүшүнө жана иш-аракеттерине тиешелүү жана ушул Жободо көрсөтүлбөгөн бардык маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
- Муниципалдык инспекциянын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы;
- расмий тилде: Муниципальная инспекция по контролю за благоустройством мэрии города Бишкек.
- Муниципалдык инспекциянын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: Муниципалдык инспекция;
- расмий тилде: Муниципальная инспекция.
- Муниципалдык инспекциянын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 77.
- Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери муниципалдык кызматчылар болуп саналышат.
- Муниципалдык инспекциянын анын компетенциясынын чегинде кабыл алынган актылары бардык мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.
2. Муниципалдык инспекциянын максаты жана милдеттери
- Муниципалдык инспекциянын иш-аракеттеринин максаты болуп менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык ченемдерин сакталышын контролдоо чөйрөсүндөгү Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу саналат.
- Муниципалдык инспекциянын негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- Бишкек шаарынын аймагында менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын көрктөндүрүү эрежелерин, санитардык күтүүнүн жана бөлүп берилген жана бекитилген, анын ичинде муниципалдык тапшырык боюнча аймактарды тазалоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо менен аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде Бишкек шаарынын аймагындагы калдыктарды башкаруунун сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
- көрктөндүрүү, өндүрүш калдыктарын жана керектөөлөрдү башкаруу чөйрөлөрүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- көрктөндүрүү эрежелеринин, санитардык күтүүнүн жана бөлүп берилген жана бекитилген, анын ичинде муниципалдык тапшырык боюнча аймактарды тазалоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо менен аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде Бишкек шаарынын аймагындагы калдыктарды башкаруунун сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо тарабынан каралган компетенциянын алкагында менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан бузуулар жасалган фактылар табылганда чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган комплекстерди жүзөгө ашыруу.
3. Муниципалдык инспекциясынын негизги
функциялары
- Муниципалдык инспекция жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында, төмөндөгү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:
- менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрктөндүрүү эрежелеринин, санитардык күтүүнүн жана бөлүп берилген жана бекитилген, анын ичинде муниципалдык тапшырык боюнча аймактарды тазалоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо менен аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде Бишкек шаарынын аймагындагы калдыктарды башкаруунун сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
- менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын анын ичинен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шаардын муниципалдык аймагында жер жана авариялык иштерин өндүрүү иштерин жүргүзүүдө уруксат документтерин, ошондой эле көрктөндүрүү элементтерин калыбына келтирүү эрежелерин сактабагандарды аныктоо, бөгөт коюу жана зарыл чараларды көрүү боюнча контролдоону жүзөгө ашыруу;
- менчигинин түрүнө карабастан, жеке жана юридикалык жактардын жанаша жайгашкан аймактарын өз убагында тазалоону, анын ичинде Бишкек шаарынын аймагында катуу турмуш тиричилик таштандыларды ташып чыгарууну, санитардык тазалоону жана механизацияланган тазалоо иштерин аткарууну уюштуруу боюнча иш-аракеттерин контролдоону жүзөгө ашыруу;
- менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын өз убагында калдыктарды ташып чыгарууга келишим түзүлүүсүн контролдоону, өндүрүштүк калдыктарды, катуу тиричилик калдыктарды жана ден-соолука зыян келтирүүчү калдыктарды ташып чыгарууга жана көмүүсүн контролдоону жүзөгө ашыруу (медициналык, биологиялык, радиоактивдүү);
- баалуу компоненттердин (түстүү жана кара металлдар, текстиль, айнек, кагаз) өзүнчө чогулушун караган калдыктарды чогултуу, сактоо, туруктуу ташып чыгаруу рационалдуу тутумун уюштуруу үчүн контролдоону жүзөгө ашырууну;
- уруксат берилбеген таштанды төгүүчү жайларды аныктоо, бөгөт коюу жана болтурбоо, тиричилик, өндүрүштүк, өнөр жай жана таштандылардын башка түрлөрүн, анын ичинде медициналык калдыктарды белгиленбеген жерлерге таштоо, таштандыларды, катуу-тиричилик, өндүрүштүк, өнөр жай калдыктарын, жалбырактарды жана өсүмдүктөрдү өрттөп салууну;
- менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар менен профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагын санитардык жактан күтүү, таштандылар жана башка калдыктар менен иштөө боюнча консультациялык жардам көрсөтүүнү;
- менчигинин түрүнө карабастан жеке же юридикалык жак тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо менен аныкталган ыйгарым укуктардын чегиндеги жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укук бузуулардын фактылары аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды кабыл алууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жобо менен аныкталган Муниципалдык инспекциянын компетенциясынын алкагында менчигинин түрүнө карабастан жеке же юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын кароону.
4. Муниципалдык инспекциянын укуктары жана милдеттери
17. Муниципалдык инспекция төмөнкүлөргө укуктуу:
- оперативдүү башкаруу укугунда өзүнүн мүлкүнө ээ болууга, ага өзүнүн иш-аракеттеринин максаттарына жана мүлктүн дайындалышына ылайык ээлик кылууга жана пайдаланууга;
- Муниципалдык инспекцияга ишенип берилген мүлктү камсыздандыруу менен коргонууну жүзөгө ашырууга багытталган иш-чараларды ишке ашырууга;
- сот органдарында Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө, ошондой эле өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын сот органдарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолорду коюуга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Муниципалдык инспекциянын иш-аракеттерин камсыздоого багытталган келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүүгө;
- муниципалдык жерлерди пайдалануу, көрктөндүрүү, аймактарды санитардык күтүү жана тазалоо, таштандылар менен иштөө чөйрөсүндөгү Муниципалдык инспекциянын иш-аракеттеринин ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясына сунуштарды киргизүүгө;
- Муниципалдык инспекциянын компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссиялардын, атайын жумушчу топтордун ишине катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо менен аныкталган компетенциянын чегинде табылган бузууларды жоюу боюнча менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон жазма буйруктарды белгиленген тартипте берүүгө;
- жарандарды кабыл алууга, Муниципалдык инспекциянын компетенциясынын маселелери боюнча келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, алар боюнча зарыл чараларды кабыл алууга;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
18. Муниципалдык инспекция төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Муниципалдык инспекциянын кызматкерлерин коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартууга;
- Муниципалдык инспекциянын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырды жана жашыруун маалыматтарды коргоону камсыздоого;
- Муниципалдык инспекцияга оперативдүү башкаруу укугунда берилген мүлктүн сакталышын камсыздоого;
- белгиленген тартипте башка милдеттерди аткарууга.
- Муниципалдык инспекциянын иш-аракеттерин уюштуруу
- Муниципалдык инспекциянын уюмдаштыруучусу жана жогорку башкаруу органы болуп, мыйзамдарга ылайык Муниципалдык инспекцияны түзүү, Муниципалдык инспекция жөнүндө жобону бекитүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, кайра уюштуруу жана жоюу, Муниципалдык инспекциянын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү маселелерин чече турган Бишкек шаарынын мэриясы саналат.
- Бишкек шаарынын мэриясы Муниципалдык инспекциянын иш-аракеттерине тиешелүү бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
- Муниципалдык инспекциянын жетекчиси болуп - муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык Бишкек шаарынын мэри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу начальник саналат.
- Муниципалдык инспекциянын начальниги:
- Муниципалдык инспекциянын иш-аракеттерин уюштурат жана жетектейт;
- Муниципалдык инспекцияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген чектелген штаттык сандын чегинде Муниципалдык инспекциянын штаттык ырааттамасын жана иштөө тартибин бекитүүгө берет;
- бекитилген штаттык ырааттамага жана Кыргыз Республикасынын эмгек жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Муниципалдык инспекциянын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин коомдук жана эл аралык уюмдары, юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелерде Муниципалдык инспекциянын атынан чыгат;
- ишеним катсыз Муниципалдык инспекциянын атынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
- Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Муниципалдык инспекциянын мүлкүн, акча каражаттарын кошуу менен башкарат;
- Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Муниципалдык инспекциянын кызматкерлерине карата сыйлоо жана жазалоо чараларын кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өндүрүштүк зарылчылыкты эске алуу менен Муниципалдык инспекциянын иш шарттамын белгилейт;
- өзүнүн орун басарын компетенциясын аныктайт;
- банктарда эсептерди ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансылык документтерге кол тамга коёт; Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык финансылык жана эсеп тартибинин сакталышын камсыздайт.
- Муниципалдык инспекциянын штатында начальниктин орун басарынын кызмат оруну каралган.
Муниципалдык инспекциянын начальнигинин орун басары муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзадарында белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Муниципалдык инспекциянын начальниги иште жок мезгилде (убактылуу эмгекке жарамсыздыгы, кызматтык иш сапары же өргүү) же ыйгарым укуктары токтотулган учурда, анын ыйгарым укуктарын начальниктин орун басары жүзөгө ашырат.
Муниципалдык инспекциянын финансылык документтерине кол тамга коюу укугу Муниципалдык инспекциянын начальнигинин тийиштүү буйругунун же Бишкек шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде начальниктин орун басарына берилет.
Начальниктин орун басары функционалдык милдеттер тарабынан аныкталган ыйгарым укуктардын жана Муниципалдык инспекциянын начальнигинин буйруктарынын чегинде иш жүргүзөт.
Муниципалдык инспекциянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин бөлүмдөрдүн башчылары жетектейт. Муниципалдык инспекциянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш-аракеттери, алар жөнүндө жоболор менен регламенттелет.
Муниципалдык инспекциянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Муниципалдык инспекциянын начальниги тарабынан берилген ишеним каттардын негизинде жана ушул Жободо, Муниципалдык инспекциянын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболордо жана кызматтык нускамаларда белгиленген ыйгарым укуктардын алкагында үчүнчү жактардын алдында Муниципалдык инспекциянын атынан иш жүргүзөт.
6. Муниципалдык инспекциянын мүлкү
- Муниципалдык инспекциянын мүлкүн ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген, анын өз алдынча балансында көрсөтүлгөн негизги жана жүгүртмө каражаттар, финансылык ресурстар (интеллектуалдык менчиктин объекттерин кошуу менен) түзөт.
Муниципалдык инспекция ага бекитилип берилген мүлктү Бишкек шаарынын мэриясынын макулдугу менен гана (негизги каражаттарды) тескөөгө укуктуу.
- Муниципалдык инспекцияны күтүүгө чыгымдарды каржылоо Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык Бишкек шаарынын бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
7. Эсепке алуу жана отчёттуулугу
- Муниципалдык инспекциянын иш-аракеттерин контролдоону Бишкек шаарынын мэриясы жүзөгө ашырат. Муниципалдык инспекция өзүнүн иш-аракеттеринде Бишкек шаарынын мэриясына отчёт берет.
- Муниципалдык инспекция мыйзамдарда белгиленген тартипте жана аныкталган мөөнөттөрдө бухгалтердик жана статистикалык отчёттуулукту берет. Муниципалдык инспекциянын иш-аракеттерин текшерүүнү ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү ыйгарым укуктарга ээ болгон уюмдар жүзөгө ашырат.
- Муниципалдык инспекциянын начальниги жана башкы бухгалтери эсепке алуунун тууралыгы жана Муниципалдык инспекциянын финансы каражаттарын жана мүлкүн максаттуу пайдаланышы үчүн жоопкерчилик тартышат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык жоопкерчилик тартышат.
8. Муниципалдык инспекцияны кайра түзүү
жана жоюу
- Муниципалдык инспекцияны кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
- Муниципалдык инспекциянын иш-аракеттерин токтотуу Бишкек шаарынын мэриясынын чечими же сот органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
- Муниципалдык инспекцияны жоюу Муниципалдык инспекцияны жоюнун тартибин жана мөөнөттөрүн белгилей турган Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан дайындалган жоюу комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
- Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып, Муниципалдык инспекциянын мүлкүнөн ажыратууга же карыздарын төлөөгө багытталган кредиторлордун бардык талаптары жоюу комиссиясынын макулдугу менен гана канааттандырылат.
- Каттоо органы тарабынан тийиштүү буйрук чыгарылган күндөн тартып, жоюу аяктады, ал эми Муниципалдык инспекция өз иш-аракетин токтотту деп эсептелет.
- Кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин калганМуниципалдык инспекциянын мүлкү, бул мүлккө карата буюмдук укукка ээ болгон же Муниципалдык инспекцияга карата милдеттенмелик укугу бар Бишкек шаарынын мэриясы болгон, анын Уюмдаштыруучусуна өткөрүлүп берилет.
- Иш-аракеттер процессинде пайда болгон документтер жоюу учурунда «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.