Бишкек шаарынын мэриясы «Административдик-аймактык реформа алкагында Бишкек шаарына кошулган аймактарды өнүктүрүү боюнча 2026–2030-жылдарга карата Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтомдун долбоору чыгарылат.
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө» 2024-жылдын 18-июлундагы №128 Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын административдик башкаруусуна 24 калктуу пунктту камтыган 8 айыл аймагы өткөрүлүп берилген. Натыйжада шаардын аянты 12,9 миң гектардан 41 миң гектарга чейин кеңейди.
Жалпысынан, Бишкек шаарына 15 588,96 гектар айыл чарба багытындагы жерлер өткөрүлүп берилди. Бул, Административдик-аймактык реформа алкагында Бишкек шаарына кошулган аймактарда жайгашкан жерлер. Мындан тышкары, муниципалдык менчикке 15 бала бакча, 18 жалпы билим берүүчү мектеп, 11 китепкана, 27 маданият жана спорт объекттери, ошондой эле 16 саламаттык сактоо мекемеси кабыл алынды.
Шаардын аймагы кеңейгенине карабастан, кошулган аймактар социалдык объектилердин жетишсиздиги жана инженердик тармактардын жетиштүү деңгээлде өнүкпөгөндүгү менен мүнөздөлөт.
Өткөрүлүп берилген мектептердин, бала бакчалардын жана маданий объекттердин олуттуу бөлүгү капиталдык оңдоого жана модернизациялоого муктаж.
Кошумча көйгөйлөр катары өнүккөн жол тармагынын жоктугу, борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана канализация системаларынын жетишсиздиги, ошондой эле электр энергиясы менен камсыздоонун чектелген мүмкүнчүлүктөрү белгиленет.
Аталган маселелерди этап-этабы менен чечүү максатында 2026–2030-жылдарга карата кошулган аймактарды өнүктүрүү боюнча Иш-чаралар планы иштелип чыкты. План шаардагы төрт административдик район боюнча түзүлүп, социалдык объектилерди куруу жана реконструкциялоо, жол инфраструктурасын өнүктүрүү, турак жай-коммуналдык чарба жана отун-энергетика комплексин өнүктүрүү багыттарын камтыйт.
Каржылоо булактары катары республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары, муниципалдык ишканалардын өздүк каражаттары, ошондой эле бюджеттен тышкаркы булактар, анын ичинде өнөктөштөрдүн жана эл аралык гранттардын каражаттары каралат.
Планды ишке ашыруу шаардык чөйрөнүн тең салмактуу өнүгүшүн камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана кошулган аймактарды Бишкек шаарынын бирдиктүү социалдык-экономикалык мейкиндигине интеграциялоого өбөлгө түзөт.
Токтомдун долбоору боюнча сунуштарды төмөнкү электрондук дарекке жөнөтсөңүздөр болот: bishkek.atr@gmail.
Документ төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү:
https://bishkek.gov.kg/ru/forum/post/32