Бишкек шаарынын мэриясы жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүү боюнча токтомдун долбооруна сунуштарды кабыл алууда | Мэрия города Бишкек принимает предложения к проекту постановления по развитию новых территорий
Автор:  Пресс-служба
19 Январь 2026 0 35

Административдик-аймактык реформа алкагында Бишкек шаарына кошулган аймактарды өнүктүрүү боюнча 2026–2030-жылдарга карата Иш-чаралар планынын долбоору жарыяланды

Бишкек шаарынын мэриясы «Административдик-аймактык реформа алкагында Бишкек шаарына кошулган аймактарды өнүктүрүү боюнча 2026–2030-жылдарга карата Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтомдун долбоору жарыялангандыгын маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө» 2024-жылдын 18-июлундагы №128 Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын административдик башкаруусуна 24 калктуу пунктту камтыган 8 айыл аймагы өткөрүлүп берилген. Натыйжада шаардын аянты 12,9 миң гектардан 41 миң гектарга чейин кеңейди.

Жалпысынан Бишкек шаарына 15 588,96 гектар айыл чарба багытындагы жерлер өткөрүлүп берилди. Бул жерлер административдик-аймактык реформа алкагында Бишкек шаарына кошулган аймактарда жайгашкан. Мындан тышкары, муниципалдык менчикке 15 бала бакча, 18 жалпы билим берүүчү мектеп, 11 китепкана, 27 маданият жана спорт объекттери, ошондой эле 16 саламаттык сактоо мекемеси кабыл алынды.

Шаардын аймагы кеңейгенине карабастан, кошулган аймактар социалдык объектилердин жетишсиздиги жана инженердик тармактардын жетиштүү деңгээлде өнүкпөгөндүгү менен мүнөздөлөт.

Өткөрүлүп берилген мектептердин, бала бакчалардын жана маданий объекттердин олуттуу бөлүгү капиталдык оңдоого жана модернизациялоого муктаж.

Кошумча көйгөйлөр катары өнүккөн жол тармагынын жоктугу, борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана канализация системаларынын жетишсиздиги, ошондой эле электр энергиясы менен камсыздоонун чектелген мүмкүнчүлүктөрү белгиленет.

Аталган маселелерди этап-этабы менен чечүү максатында 2026–2030-жылдарга карата кошулган аймактарды өнүктүрүү боюнча Иш-чаралар планы иштелип чыкты. План шаардагы төрт административдик район боюнча түзүлүп, социалдык объектилерди куруу жана реконструкциялоо, жол инфраструктурасын өнүктүрүү, турак жай-коммуналдык чарба жана отун-энергетика комплексин өнүктүрүү багыттарын камтыйт.

Каржылоо булактары катары республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары, муниципалдык ишканалардын өздүк каражаттары, ошондой эле бюджеттен тышкаркы булактар, анын ичинде өнөктөштөрдүн жана эл аралык гранттардын каражаттары каралат.

Планды ишке ашыруу шаардык чөйрөнүн тең салмактуу өнүгүшүн камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана кошулган аймактарды Бишкек шаарынын бирдиктүү социалдык-экономикалык мейкиндигине интеграциялоого өбөлгө түзөт.

Токтомдун долбоору боюнча сунуштарды bishkek.atr@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

Иш-чаралар планынын материалдары

Об утверждении Плана мероприятий по развитию территорий, присоединенных к городу Бишкек на 2026–2030 годы

Мэрией города Бишкек опубликован проект постановления «Об утверждении Плана мероприятий по развитию территорий, присоединенных к городу Бишкек в рамках административно-территориальной реформы, на 2026–2030 годы».

В соответствии с Законом Кыргызской Республики «Об административно-территориальных единицах на уровне айылных аймаков и городов Кыргызской Республики» от 18 июля 2024 года № 128 в административное ведение города Бишкек переданы 8 айылных аймаков, включающих 24 населенных пункта. В результате площадь города увеличилась с 12,9 тыс. до 41 тыс. гектаров.

В общей сложности городу Бишкек передано 15 588,96 гектара сельскохозяйственных земель, расположенных на присоединенных территориях. Кроме того, в муниципальную собственность переданы 15 детских садов, 18 общеобразовательных школ, 11 библиотек, 27 объектов культуры и спорта, а также 16 медицинских учреждений.

Несмотря на расширение границ города, присоединенные территории характеризуются дефицитом социальных объектов и недостаточным развитием инженерных сетей.

Значительная часть переданных школ, детских садов и объектов культуры нуждается в капитальном ремонте и модернизации.

Дополнительными проблемами остаются отсутствие развитой дорожной сети, низкий уровень обеспеченности централизованными системами водоснабжения и канализации, а также ограниченные возможности электроснабжения.

В целях поэтапного решения указанных проблем разработан План мероприятий по развитию присоединенных территорий на 2026–2030 годы. План структурирован по четырем административным районам города и охватывает направления строительства и реконструкции социальных объектов, развития дорожной инфраструктуры, жилищно-коммунального хозяйства и топливно-энергетического комплекса.

Источниками финансирования предусмотрены средства республиканского и местного бюджетов, собственные средства муниципальных предприятий, а также внебюджетные источники, включая средства партнеров и международные гранты.

Реализация Плана позволит обеспечить сбалансированное развитие городской среды, повышение качества жизни населения и интеграцию присоединенных территорий в единое социально-экономическое пространство города Бишкек.

Предложения к проекту постановления можно направлять на электронный адрес bishkek.atr@gmail.com.

Материалы проекта постановления