Октябрь районунда "Үлгүлүү аксакал", "Үлгүлүү байбиче", "Татыктуу келин", "Мыкты ата", "Үлгүлүү үй-бүлө", "Үлгүлүү көчө", "Үлгүлүү айыл", "Үлгүлүү ишкана" жана "Үлгүлүү жамаат" сынактары өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен аныкталган "Улуттук рух – глобалдык бийиктиктер" деген негизги максаттарды ишке ашыруу максатында уюштурулуп, үй-бүлөлүк жана социалдык баалуулуктарды чыңдоого, тарбияны, илимди, билим берүүнү жана маданиятты өнүктүрүүгө, мамлекеттик тилди колдоого, экономикалык өсүштү илгерилетүүгө жана эмгекчил жана үлгүлүү жарандарды даңктоого багытталган.
Сынактын алкагында атайын түзүлгөн комиссия ар бир категория боюнча арыздарды кабыл алып, карап чыгып, катышуучулардын жетишкендиктерин ар тараптуу баалап, жыйынтыктарды 0дөн 5ке чейинки баллдык системаны колдонуу менен чыгарды.
Сынакка жалпысынан 35 арыз берилди. Баалоонун негизинде 23 жеңүүчү аныкталды. Ар бир категория боюнча биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген катышуучуларга дипломдор жана эстелик белектер тапшырылды.










