2025-жылдын 27-декабрында борбор калаада салттуу жаа атуу боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өткөрүлдү.

Мелдешке 24 айым жана 15 мырза катышып, жалпы 39 спортчу болду. Катышуучулар эки аралык боюнча күч сынашты: «Кыргыз бута» – 50 метр аралыкка атуу жана «Кыргыз жамба» – 30 метр аралыкка атуу.

Мырзалар арасында «Кыргыз бута» (50 метр):
•I орун — Жунусов Алмаз;
•II орун — Мурадил уулу Ынтымак;
•III орун — Эмилбек уулу Нурсултан.

Айымдар арасында «Кыргыз бута» (50 метр):
•I орун — Умуркулова Чолпонай;
•II орун — Рахманалиева Миргүл;
•III орун — Шапиева Назгүл.

Мырзалар арасында «Кыргыз жамба» (30 метр):
•I орун — Эмилбек уулу Нурсултан;
•II орун — Мурадил уулу Ынтымак;
•III орун — Ногойбаев Рустам.

Айымдар арасында «Кыргыз жамба» (30 метр):
•I орун — Кулжабаева Эрика;
•II орун — Рахманалиева Эркайым;
•III орун — Бакбурканова Нурзат.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар жана грамоталар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, бул чемпионат 2021-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет, ал эми быйылкы мелдеш төртүнчү жолу уюштурулду.

Иш-чараны Салттуу жана ат үстүндө жаа атуу федерациясы Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен биргеликте уюштурду.