2025-жылдын 28-декабрында «Жаштык аренада» Бишкек шаарынын мэринин демилгеси менен шаардагы кичинекей балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Салтанаттуу иш-чаранын ардактуу коноктору болуп Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов катышты.

Шаар башчысы балдарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, окууда ийгиликтерди, чыгармачылык жетишкендиктерди, бактылуу балалыкты жана эң асыл тилектеринин орундалышын каалады.

«Силер — биздин келечегибизсиңер. Ошондуктан ар дайым адилеттүү, максатка умтулган жана эмгекчил болгула. Кыялдануудан коркпогула жана өзүңөргө ишенгиле. Ата-энеңерди, мугалимдериңерди жана улуу адамдарды сыйлагыла», — деп белгиледи мэр.

Майрамдык иш-чарага окууда жакшы окуган, мектептин коомдук жашоосуна активдүү катышкан, шаардык жана республикалык сынактардын жеңүүчүлөрү, ошондой эле көп балалуу жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдөн  болжол менен 3000 бала катышты.

Кичинекей коноктор үчүн бай жана кызыктуу майрамдык программа даярдалды. Иш-чаранын катышуучулары «Кыргызстандын 7 керемети» аттуу жаңы жылдык театралдаштырылган көрсөтүүнү көрүштү. Бул спектакль балдарды Кыргызстандын маданий мурасы, каада-салттары жана руханий баалуулуктары менен жомоктогудай, кызыктуу форматта тааныштырды.

Бул майрам балдарга унутулгус таасирлерди, жаңы жылдык сыйкырдын жана кубанычтын атмосферасын тартуулап, Жаңы жылдын алдында борбор калаада өткөрүлүп жаткан майрамдык иш-чаралардын маанилүү бөлүгү болду.