19-декабрда Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын манежинде С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн жеңил атлетика боюнча биринчилиги болуп өттү.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты. Тактап айтканда: Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району жана Каракол шаары, Ош облусунун Ноокат району, Талас облусунун Манас шаары, Чүй облусунун Кант, Токмок жана Кара-Балта шаарлары, ошондой эле Бишкек шаары. Жалпысынан мелдешке 11 жаштан 17 жашка чейинки 268 спортчу катышты.

Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Жоомарт Шамканов жана Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын ректору Эрмек Тукеев катышты.

Алар мындай спорттук иш-чаралар шаарда спортту өнүктүрүүдөгү маанилүүлүгүн белгилешип, жаш муундун тажрыйбасын көбөйтүп, спорттук карьерасынын калыптанышында зор роль ойноорун баса белгилешти. Ошондой эле мамлекет тарабынан спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып, катышуучуларга эл аралык ареналарды да багындырып, ийгиликтерди каалашты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Иш-чаранын уюштуруучусу — С. Джуманазаров атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби.