Свердлов районунун Мектеп лигасынын алкагында жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары арасында балдар жеңил атлетикасы жана шахмат боюнча мелдештер өткөрүлдү.

23–26-октябрь күндөрү №10 орто мектептин базасында 2014-жылы туулган жана андан кичүү окуучулар арасында балдар жеңил атлетикасы боюнча мелдештер уюштурулду. Мелдештерге Свердлов районунан 12 мектептин командалары катышты.

Мелдештердин жыйынтыгы боюнча орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
•1-орун — №16 орто мектеби;
•2-орун — №66 орто мектеби;
•3-орун — №10 орто мектеби;
•4-орун — №87 орто мектеби.

15–17-декабрь күндөрү шахмат боюнча мелдештер өткөрүлүп, ага кыздар арасында 7 мектеп, балдар арасында 7 мектеп катышты.

Кыздар арасындагы шахмат боюнча жыйынтыктар:
•1-орун — «Айчүрөк» лицейи;
•2-орун — №66 орто мектеби;
•3-орун — №38 орто мектеби;
•4-орун — №23 орто мектеби.

Балдар арасындагы шахмат боюнча жыйынтыктар:
•1-орун — №1 орто мектеби;
•2-орун — №66 орто мектеби;
•3-орун — №16 орто мектеби;
•4-орун — №38 орто мектеби.

Мелдештердин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Мектеп лигасынын уюштуруучусу — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.