Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуулар өткөрүлөрүн эскертет.
Коомдук угуулар 2025-жылдын 24–25-декабрында шаар райондору боюнча төмөнкү даректерде өткөрүлөт (жайгашкан жерлерде жана убакытта өзгөрүүлөр бар).
24-декабрь:
Ленин району – Бишкек ш., Чүй проспектиси, 168а, башталышы саат 10:00.
Биринчи Май району – Бишкек ш., Чүй проспектиси, 168а, башталышы саат 14:00.
25-декабрь:
Октябрь жана Свердлов райондору – Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 200/1, башталышы саат 14:00.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыш номерлерине кайрылсаңыздар болот:
Ленин району: 0503 10 22 06, 0312 65 69 03
Биринчи Май району: 0559 71 99 99
Октябрь району: 0999 66 68 45, 0509 68 88 70, 0312 57 61 57
Свердлов району: 0550 15 06 61, 0312 36 03 10
Коомдук угууларга каалоочулардын баары катыша алышат.