Курч респиратордук вирустук инфекциялардын сезондук өсүшүнө байланыштуу, балдардын жана чоңдордун ден соолугун сактоо үчүн жөнөкөй жана далилденген чараларды көрүү зарыл.

Балдарга кеминде 8-9 саат уктоо, ар түрдүү тамактануу жана үзгүлтүксүз физикалык активдүүлүк керек.

Окуу аралыктан жүргүзүлүп жатканда, оорулуу адамдар менен байланышты азайтуу маанилүү.

Сунуштар:

— эл көп топтолгон жерлерге баруудан алыс болуңуз;
— эгерде сизде курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери байкалса, үйдө болуп, өз алдынча дарыланбастан жергиликтүү дарыгериңизге же үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылыңыз.

Оору күчөгөн мезгилде үйдөн чыгып баратканда медициналык бет кап кийиңиз, аларды ар бир 2-3 саат сайын же суу болуп калганда алмаштырып туруңуз. Жеке гигиенаны сактаңыз жана колду дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуңуз.

Бөлмөлөрдү күнүнө 3-4 жолу үзгүлтүксүз желдетип, таза абанын болушун камсыз кылыңыз.

Шаардагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу бойдон калууда, бирок көп нерсе биздин жалпы жүрүм-турумубуздан көз каранды. Бул сунуштарды аткаруу балдардын жана чоңдордун ден соолугун коргоого  жардам берет.

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!