Учурда Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору коомдук талкууга коюлган.
Акыркы жума күндөрү айыл чарба багытындагы жер тилкелери боюнча бааларды жасалма көтөрүү жана Башкы план–2050 долбоорунун максаттары менен милдеттери тууралуу жалган маалыматтарды жайылтуу учурлары катталууда.
Мэрия Башкы пландын долбоору дагы эле талкууланып жатканын жана жерди кайра бөлүштүрүү, жердин категориясын өзгөртүү же өнүктүрүү боюнча эч кандай чечимдер кабыл алына электигин эскертет.
Жер тилкелерин пайдалануу алардын максаттуу багытына ылайык, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Атап айтканда, айыл чарба багытындагы жерлерде көп кабаттуу турак үйлөрдү же башка объекттерди куруу үчүн жер тилкесинин категориясын өзгөртүү зарыл. Бул өзгөртүү Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына жана 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 токтому менен бекитилген Министрлер Кабинетинин «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Социалдык тармактарда айрым колдонуучулар тарабынан Бишкек шаарынын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан, жалпы аянты 17 гектар болгон жер тилкелери тууралуу жарнамалар жайылтылууда. Алар бул жерлерди 4төн 8 кабатка чейинки көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн, ар бир сотугуна 3000 АКШ долларынан сатууну сунуштап жатышат.
Жарыяда көрсөтүлгөн жер участогу боюнча трансформациялоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу аймактык орган катары Бишкек шаарынын мэриясынын дарегине жер участогунун категориясын өзгөртүү жөнүндө материалдар жана арыз келип түшкөн эмес. Демек, азыркы учурда бул жер участогунун категориясы өзгөрүүсүз калат жана категориясын өзгөртпөстөн курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
Мындан тышкары, жарнамада көрсөтүлгөн жаңы Башкы план азырынча мыйзамдуу күчүнө кире элек, башкача айтканда, расмий түрдө бекитилген эмес. Ошондуктан Башкы план долбоорун жеке кызыкчылык максатында, мыйзамдуу негиз жок туруп пайдалануу – компетенттүү органдардын мыйзам чегиндеги жоопкерчилигин жаратат.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин 3-пунктуна ылайык, айыл чарба жерлерин кошпогондо, жерлердин бир категориясынын ичиндеги жерлердин түрүн өзгөртүү бир түрдөн башкага которуусуз (трансформациялоосуз) жүргүзүлөт. Мында калктуу конуштардын чек араларында жерлердин түрүн өзгөртүү шаар куруу документтеринин негизинде бир түрдөн башкасына которуусуз (трансформациялоосуз) жүргүзүлөт.
Ошондуктан, шаардын Башкы планы бекитилгенден кийин да, айыл чарба жерлерин башка максаттарда пайдалануу үчүн категорияны өзгөртүү талап кылынат. Бул белгиленген тартипте, жогоруда айтылган Жобонун негизинде жана тиешелүү жол-жоболор аркылуу жүргүзүлөт.