Бишкек шаарынын мэриясында коомдук даараткана тармагын өнүктүрүү жана модернизациялоо маселесин талкуулоо үчүн мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы астында кеңейтилген жыйын өттү.
Долбоордун алкагында шаардагы төрт райондо жайгаштырылуучу санитардык объекттер үчүн 26 мүмкүн болгон жер аныкталды:
* Шопоков көчөсү, «Улитка» имаратынын жанында;
* «Мадина» базары, 7-Апрель – Мамбетов көчөлөрү, көпүрөнүн астында;
* Жибек Жолу проспектиси – Алматы көчөсү, «Аламедин» базары;
* Улан кичи району: 7-Апрель – Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
* Анкара – Виноградная көчөлөрүнүн кесилиши, Этно-гүлбакча;
* 6-кичи район, Жаңгак токою;
* Безымянная – Ж. Пудовкин көчөлөрү;
* Абдрахманов – Саманчин көчөлөрүнүн кесилиши;
* Абдрахманов – Медеров көчөлөрүнүн кесилиши;
* Ахунбаев – Манас көчөлөрүнүн кесилиши, «Spar» дүкөнүнүн жанында;
* Чокморов – Шевченко көчөлөрү (ММБ жана ББАнын жанында);
* Алтымышев – Тыныбеков көчөлөрүнүн кесилиши («Люкс» багынын жанында);
* Садырбаев көчөсү, «Сакалдуу гүл» паркы;
* Жайыл Баатыр – Чортеков көчөлөрү, 4-шаардык оорукананын жанындагы сейил бак;
* Чортеков – Айни көчөлөрүнүн кесилиши, 4-шаардык оорукананын жанындагы гүл бакча;
* Айни – Осмонов көчөлөрүнүн кесилиши, жаңы гүл бакча;
* Мурман – Абакан көчөлөрүнүн кесилиши, жаңы сейил бак курулууда (ККБ);
* Бакаев – Айни көчөлөрүнүн кесилиши, Островский көчөсү;
* Токтогул – Эркиндик көчөлөрүнүн кесилиши;
* Тоголок Молдо сквери;
* «Россия» кинотеатры;
* Улуттук госпиталь;
* «Ала-Тоо» кинотеатры;
* Горький – Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиши, «Вефа» соода борбору;
* Абдрахманов – Киев көчөлөрүнүн кесилиши;
* Профсоюз – П. Лумумба көчөлөрүнүн кесилиши.
Жайгаштыруу жерлерин тандоодо жөө жүргүнчүлөрдүн, туристтик жана транспорттук агымдардын анализи, ошондой эле шаар тургундарынын пикир сурамжылоолорунун жыйынтыктары эске алынды.
Өзгөчө көңүл мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шаардык инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүнө бурулган — жаңы объекттердин бардыгы инклюзивдик стандарттарга жана тоскоолдуксуз чөйрө принциптерине ылайык долбоорлонот.
Мэрия шаардыктарды ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүү ишине активдүү катышууга чакырат.
Жаңы коомдук дааратканаларды орнотуу боюнча сунуштарды төмөнкү байланыштар аркылуу жөнөтүүгө болот:
dgh@meria.kg
+996 707 976 747



