Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы суук түшүшү менен атмосфералык абаны коргоо жана жылытуу мезгилинде экологиялык мыйзам бузууларды алдын алуу чараларын күчөттү.
Акыркы жумада колдонулган унаа майларын, тиричилик таштандыларын жана башка тыюу салынган материалдарды өрттөө учурлары катталды. Мындай аракеттер уулуу заттардын абага бөлүнүшүнө жана абанын булганышына алып келет. Бул өз кезегинде шаар тургундарынын ден соолугуна жана борбор калаанын экологиялык абалына терс таасирин тийгизет.
Мыйзам бузууларды токтотуу максатында инспекция мончолордо, сауналарда, ишканаларда жана жеке объектилерде туруктуу рейддерди жүргүзүп келет. Текшерүүлөрдүн максаты — тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын, автоунаа майларын, боёк жана лак материалдарын, пластмасса, каучук, оргстекло, резина жана башка уулуу заттарды өрттөө учурларын аныктоо.
2025-жылдын башынан бери 148 рейд өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 231 экологиялык мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Алар боюнча жалпы суммасы 2 383 500 сом болгон айып пулдар салынды.
Муниципалдык инспекция борбор калаанын тургундарын экологиялык эрежелерди сактоого чакырат жана төмөнкүлөрдү эскертет:
* жылытуу үчүн колдонулган майларды, таштандыларды жана башка уулуу заттарды колдонбоо;
* жалбырактарды, чөптөрдү жана тиричилик таштандыларын өрттөбөө;
* мүмкүн болушунча экологиялык жактан таза отун түрлөрүн, анын ичинде газ менен жылытууну колдонуу.
Белгилей кетсек, таштандыларды же башка тыюу салынган материалдарды өрттөө үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык административдик жоопкерчилик каралган.




