Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) штаттык режимде иштеп жатат.

2025-жылдын 5-ноябрына карата орточо электр кубаттуулугу 366 МВт деңгээлинде.
Суткалык отун керектөөсү төмөнкүдөй:
көмүр – 6,086 миң тонна,
газ – 234 миң нм³.

ЖЭБде бардыгы болуп 15 казан агрегаты, кайчылаш байланышкан 7 турбиналык агрегат жана №3, №4 энергоблоктор иштейт.

2025-жылдын 5-ноябрына карата:

Иштеп жаткан: 6 казан агрегаты, 4 турбиналык агрегат, №3 жана №4 блоктор;

Оңдоодо турган: 4 казан агрегаты, 1 турбиналык агрегат;

Камдыкка чыгарылган: 5 казан агрегаты, 2 турбиналык агрегат.

2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине электр жана жылуулук энергиясы менен туруктуу камсыздоо максатында ЖЭБге 1 400 000 тонна көмүр жеткирүү пландаштырылууда. Көмүр жеткирүү графиги жылуулук мезгили аяктаганга чейин эсептелген.

2025-жылдын 5-ноябрына карата ЖЭБдин кампасындагы көмүр запасы 313,203 миң тоннаны түзөт.