Борбор калаада 2025–2026-жылдардагы жылытуу мезгили Бишкек шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык 2025-жылдын 3-ноябрында башталды.

Жылытууну туташтыруу — бул этап-этабы менен жүргүзүлүүчү жана техникалык жактан татаал процесс. Ошондуктан жылуулук берүүнүн убактылуу өзгөчөлүктөрүнө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз.

Жылуулук берүү иштери төмөнкүдөй жүргүзүлөт

Алгачкы күндөрү ЖЭБдин, «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын жана райондук кызматтардын адистери жылуулук берүү тармагын ишке киргизүү боюнча ырааттуу техникалык иштерди аткарышат:
* жылытуу системасынын схемасын чогултуу;
* жылуулук тармактарындагы тээктерди ачуу;
* насостук станцияларды ишке киргизүү;
* турак үйлөрдүн жылуулук пункттарындагы бекиткич крандарды ачуу;
* мүмкүн болгон бузулууларды жоюу.

Андан соң адистер жылуулук тармактарында жана турак үйлөрдө системаны жөнгө салуу жана тең салмактоо иштерин жүргүзүшөт. Бул — жылуулуктун бардык үйлөргө бирдей жетишин камсыз кылуу жана бөлмөлөрдө жылуулуктун жетишсиз же ашыкча болушуна жол бербөө үчүн маанилүү кадам.

Жылуулук берилгенден кийин жашоочулар төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл

1. Радиаторлордон абаны чыгарыңыздар.
Эгер батириңиз жогорку кабаттардын биринде жайгашкан болсо, радиаторлордогу абаны чыгаруу үчүн краанды ачып, абанын чыгып кеткенин текшериңиз. Топтолгон аба жылуулук суюктугунун айланышына тоскоолдук жаратып, батареялардын муздак бойдон калышына алып келиши мүмкүн.

2. Терезелерди жана эшиктерди жылуулаңыздар.
Бул батириңиздеги жылуулукту сактоого жана ыңгайлуу температураны кармап турууга жардам берет.

Температуралык режим жөнүндө маанилүү маалымат

* Турак жайлардын ичиндеги абанын температурасы норма боюнча +18°Стан төмөн болбоого тийиш.
* Жылуулук берүү температурасы тыштагы аба ырайына жараша жөнгө салынат. Эгерде аба салыштырмалуу жылуу болсо, радиаторлор өтө ысык болбой калышы — бул системанын кадимки иш режими.
* Бир түтүктүү жылытуу системасы орнотулган үйлөрдө радиаторлордун температурасы айырмаланышы мүмкүн — бул системанын түзүлүш өзгөчөлүгү болуп саналат.

Жылытуу системасын ишке киргизүү ар дайым техникалык түзөтүүлөрдү талап кылат, ошондуктан алгачкы бир нече күндө жылуулук менен камсыздоо бирдей эмес болуп калат. Бишкек шаарынын мэриясынын бардык кызматтары жана жылуулук менен камсыздоочу ишканалар борбор калааны туруктуу жылуулук менен камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.