2050-жылга чейинки Башкы пландын долбоору учурда Бишкекте активдүү талкууланууда.

Санкт-Петербург илимий-изилдөө институтунун иштеп чыгуучулары мурда Башкы пландын долбоорун даярдап, коомдук талкууга коюшкан.

Жарандардын 2050-жылга чейинки Башкы план долбоору боюнча сунуш  жана пикирлери Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 6-1-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келбегендигине байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясы 2025-жылдын 3-ноябрынан тартып 2050-жылга чейинки Башкы план долбоору боюнча бардык сунуш  жана пикирлерди Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайты  https://bishkek.gov.kg/ky   “Жарандардын кайрылуусу” бөлүмү аркылуу кабыл алынарын билдирет.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын 6-1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, жаран өзүнүн электрондук кайрылуусунда милдеттүү түрдө кайсы мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайрылып жатканын көрсөтүүгө, же тиешелүү кызмат адамынын фамилиясын, атын, атасынын атын (болсо), же кызмат ордун жазууга тийиш. Ошондой эле жаран өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын (болсо), байланыш телефонун (үй, мобилдик же иш, жашаган дарегин көрсөтүп, кайрылуунун маңызын так баяндашы керек.