Бишкек шаарында Кыргыз  Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев, шаар жетекчилиги, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү — журналисттер, редакторлор жана пресс-кызматтардын кызматкерлери катышышты.

Мэр маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө  кесипкөйлүгү, ачык-айкындуулугу жана жарандык активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздердин эмгегиңиздер аркылуу шаар турмушу, коомдук өзгөрүүлөр жана элдин көйгөйү элге да, бийликке да жетет. Сиздер эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болуп, өнүгүүгө өз салымыңыздарды кошуп келесиздер. Өткөн жылы эле ЖМКлардагы материалдар жана жарандардын кайрылуулары аркылуу мэрияга 2000ден ашуун кайрылуу, ошондой эле журналисттерден 1500дөн ашык суроо келип түштү. Бул медиа коом менен байланыштын реалдуу куралы болуп, маанилүү маселелерди аныктоого жана аларды чечүү жолдорун табууга жардам берип жатканын далилдейт», — деп баса белгиледи Айбек Джунушалиев.

Иш-чаранын соңунда мэр жана шаар жетекчилиги журналисттерге эстелик белектерди тапшырып, алардын борбор калаанын өнүгүшүнө жана жарандардын маалымдуулугун жогорулатууга кошкон салымын белгилешти.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы — Кыргыз  Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, чыгармачылык ийгилик, шыктануу жана   жаңы жетишкендиктерди, идеяларды  каалайт.