«Сейтек STEM» мектебиндеги окуучулардын уулануу окуясына байланыштуу Бишкек шаары боюнча Гигиена жана эпидемиология борбору бардык зарыл иш-аракеттерди белгиленген тартипте аткарды.

Окуя болгон учурда мектептин директору иш сапарда болгондуктан, бүгүн  мэрдин орун басары Виктория Мозгачева анын менен жолугушуу өткөрүп, бекитилген менюдан четтөө жана жалпы билим берүү мекемелеринде тамак-ашты уюштуруу эрежелерин бузууга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Мэрдин орун басары  мындай учурларга өз убагында чара көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, учурдагы абал менен таанышты жана ууланууга кабыл болгон окуучулардын ата-энелери менен болгон жолугушууга катышты.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясы шаар аймагында жайгашкан бардык жалпы билим берүү уюмдарына — менчик формасына карабастан, тамак-ашты уюштуруу эрежелерин так сактоо тапшырмасын берди. Дарыгерлер жана эпидемиологдор тарабынан иштелип чыгып, макулдашылган бекитилген менюдан кандай гана болбосун четтөө кескин түрдө тыюу салынат.

Бишкек шаарынын мэриясы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин окуучулардын тамак-аш коопсуздугуна жана сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырат.