2025-жылдын 22–25-октябрында Бишкек шаарында, «Газпром-балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде генерал-майор, СССР Баатыры Дайыр Асановдун жаркын элесине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик кол күрөш боюнча IV Эл аралык турнир өттү.
Мелдешке Кыргыз Республикасынан жана Россия менен Казакстандан келген 300дөн ашуун спортчу катышты. Жаш өспүрүмдөр, уландар жана жаштар арасында күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана жарандык клубдардын спортчулары күч сынашты.
Турнирдин уюштуруучулары:
– Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти;
– Генерал-майор Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи;
– Кыргыз Республикасынын аскердик мушташ жана өзүн-өзү коргоо федерациясы;
– Бишкек шаарынын аскердик мушташуу федерациясы.
Мелдештин жыйынтыктары:
Өспүрүмдөр (юноши) – 44 кг:
1-орун - Азизов Арнел;
2-орун - Абдиразаков Нурислам;
Өспүрүмдөр - 46 кг:
1-орун - Дүйшөбаев Султан;
2-орун - Жалалов Жолали;
Орто жаштагы өспүрүмдөр – 50 кг:
1-орун - Абдикаллаков Алихан;
2-орун - Абдирашитов Эрбол;
Орто өспүрүмдөр – 60 кг:
1-орун - Абдимиталипов Муслим;
2-орун - Садиров Алихан;
Улуу өспүрүмдөр – 55 кг:
1-орун - Асанбеков Темирлан;
2-орун - Алымгулов Бектемир;
Улуу өспүрүмдөр – 65 кг:
1-орун - Кудайбердиев Ысмайыл;
2-орун - Алтынбеков Нурэл;
Улуу өспүрүмдөр – 80 кг:
1-орун - Осмоналиев Акдил;
2-орун - Каныбеков Урмат;
Кыздар арасында (улуу өспүрүмдөр)
55 кг:
1-орун - Асанова Айтунук;
2-орун - Жаникулова Хадижа;
60 кг:
1-орун - Корчубекова Жанылмырза;
2-орун - Докторбекова Мин-Кыял;
Комплекстүү АРБ (улуу өспүрүмдөр) 65 кг чейин:
1-орун - Бейшенбаев Умар;
2-орун - Нематов Нурислам;
65 кг жогору:
1-орун - Мачивуза Амир;
2-орун - Перепилица Ярослав;
Жаштар (мырзалар) 57 кг:
1-орун - Рыскулов Шералы;
2-орун - Каныбек уулу Даниел;
Жаштар (айымдар) 57 кг:
1-орун - Сизоненко Алина;
2-орун - Канатбекова Каныкей.


