2025-жылдын 26-октябрында Чункурчак капчыгайында С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн ачык эшиктер күнүнө карата альпинисттик техника боюнча ачык чемпионаты өткөрүлдү.
Катышуучулар үч дисциплинада күч сынашты:
•Жуптар — катышуучулардын биргелешкен аракетин, координациясын жана өз ара ишенимин текшерүүгө багытталган дисциплина;
•Перилдик техника — аркан менен иштөөчү техникалык көндүмдөрдү жана алардын ылдамдык менен аткарылышын сынаган дисциплина;
•Кыйынчылыкка көтөрүлүү — спортчунун деңгээлин жана катаал тоо рельефиндеги эң татаал участокторду жеңе билүү жөндөмүн көрсөтүүчү комплекс дисциплина.
Маршруттар техникалык татаалдыктын, рельефтин ар түрдүүлүгүнүн жана командалык кызматташтыктын зарылдыгы менен алдын ала иштелип чыкты. Ар бир катышуучу физикалык даярдыгы менен катар, тактык, тактикалык ой жүгүртүү жана кыйын шарттарда чечим кабыл алуу жөндөмүн көрсөттү.
Чемпионатка 15 жуп катышып, жалпы 30 спортчу Чүй облусу жана Бишкек шаарынан катышты. С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн альпинизм бөлүмүнүн 6 тарбиялануучусу чыкты.
Чемпионаттын жыйынтыктары:
•Сайкал Тойчуева — аялдар арасында 1-орун;
•Владимир Вишнев — жаштар арасында 1-орун;
•Павел Бездорнов — жаштар арасында 2-орун;
Мелдештин уюштуруучу болуп С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМ болду.







