Муниципалдык ишканалар 2025-жылдын 3-ноябрынан тарта жылуулук берүүнү баштайт
⠀
Бишкек шаарынын мэриясынын тескемесине ылайык, 2025-жылдын 3-ноябрынан тарта борбор калаада 2025–2026-жылдардагы жылытуу мезгили башталат.
⠀
Ошол күнү кечинде Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кызматкерлери жылуулук өндүрүү жана аны андан ары "Бишкек жылуулук тармагы"  муниципалдык ишканасына берүү процессин баштайт.
⠀
Бардык колдонулуп жаткан жабдуулар күчөтүлгөн режимде иштөөдө, техникалык кызматкерлер коюлган параметрлерди камсыздоого толук даяр.
⠀
«Бишкекжылуулуктармагы» жана «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканалары  бардык даярдык иштерин аяктап, шаардын объектилерине жылуулукту өз убагында жана ишенимдүү туташтырууну камсыз кылууга толук даяр.
Ишканалардын техникалык кызматкерлери мүмкүн болуучу кайрылууларга жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу максатында күчөтүлгөн иш режимине өтүштү.
⠀
Объектилерди жылытуу системасына кошуу бир нече этап менен жүргүзүлөт:
Биринчи кезекте — социалдык объектилер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо уюмдары;
Экинчи кезекте — көп кабаттуу турак үйлөр жана жеке сектор.
 
                    