Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жарнамалык объектилерди жайгаштырууга болгон көзөмөлдү күчөтүү жана борбор шаарды дизайн-кодго туура келбеген конструкциялардан тазалоо иштерин улантууда.Кечээки рейд Ленин жана Биринчи Май райондорунун аймагында өттү. Айрыкча Манас – Жибек Жолу проспектилеринин кесилишинде, ошондой эле Жаш гвардия бульвары менен Чүй проспектисинин айрым бөлүктөрүндө иштер жүргүзүлдү.Рейд учурунда дизайн-кодго туура келбеген жана уруксат документтери жок орнотулган жарнамалар менен билборддор алынып салынды.
Биринчи Май районунун аймагында Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 107-беренесинин 3–4-бөлүктөрү боюнча 7 протокол түзүлдү.
Жыйынтыгында жалпы 120 жарнамалык конструкция демонтаждалды.
Рейд акимиаттар, Муниципалдык инспекция жана Бишкек шаарынын Архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлдү.
2025-жылдын январь–сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан 3 278 мыйзамсыз орнотулган жарнамалык конструкция демонтаждалган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 107 жана 179-беренелери боюнча жалпы суммасы 1 235 000 сом болгон 288 протокол түзүлгөн.

