Биринчи Май районунда Кедейкан көчөсүнүн Месарош көчөсүнөн Набережная көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол оңдоо иштери улантылууда.

«Бишкекасфальтсервис» ишканасынын бригадасы эски асфальт катмарын алып салуу иштерин жүргүздү. Ошондой эле жолдун бетин грейдер менен тегиздөө жана виброкаток аркылуу тыгыздоо иштери аткарылууда.

Азыркы учурда бригада жолдун негизин  даярдоо иштерин жүргүзүп жатат. Андан кийин жаңы асфальт деңгээлине 50дөн ашык кудукту көтөрүү пландаштырылууда.