Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын дизайн-кодунун экинчи этабын жана Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы №134 "Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле "Ачык асман" концепциясын интеграциялоо үчүн имараттардын жана курулмалардын фасаддарына туш келди жайгаштырылган коммуналдык линияларды (ВОЛС) иретке келтирүү зарылдыгын билдирет.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, биз төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
1. Имараттардын жана курулмалардын алдыңкы (көчө) фасаддарына орнотулган кабелдик линияларды өз алдынча демонтаждоо.
2. Байланыш линияларын жер астына же имараттардын короо фасаддарына ички орнотуу аркылуу жылдырууну жана орнотууну камсыз кылуу.
3. Бекитилген архитектуралык талаптарга ылайык тышкы коммуналдык линияларды тийиштүү техникалык жана эстетикалык абалга келтирүү.
Бүгүнкү күндөн тартып төмөнкү көчөлөрдө иштер жүргүзүлөт: Жибек Жолу проспектиси, Чүй проспектиси, Ж. Абдрахманов көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспектиси жана И. Ахунбаев көчөсү.
Ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарын жарандык активдүүлүк көрсөтүүсүн жана имараттардын фасаддары боюнча кабелдерди туура эмес тартууга байланышкан бузууларды мүмкүн болушунча тез арада жоюу үчүн өздөрүнүн интернет-провайдерлерине кайрылуусун өтүнөбүз.
Эгерде сизде кандайдыр бир суроолор болсо, Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин Архитектура жана шаар куруу департаментинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгына, Чокморов көчөсү, 185 дареги боюнча, шаардык дизайн бөлүмүнө кайрылыңыз: 31-29-90.
Биргелешкен аракеттерибиз менен шаарыбыздын көрктүү, коопсуз жана заманбап көрүнүшүн түзөлү.