Социалдык тармактарда №22 атайын мектептин аймагында майнинг-ферма жайгашкан деген маалымат тарады. Бул маалымат чындыкка дал келбейт.
Расмий маалыматтарга ылайык, аталган объект «Акнет» ЖЧКсы провайдердик компаниясынын станциясы катары ижара келишиминин негизинде колдонулат. Бул келишимдин алкагында уюм мектепке акысыз интернет кызматы менен камсыз кылат.
Объекттин электр энергиясы көз карандысыз булактан алынат, бул болсо мектептин ресурстарынын башка максаттарга колдонулушуна жол бербейт.
Кыргыз Республикасынын «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматты таратууга тыюу салынат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-3-беренесинде жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тармактарын пайдалануу менен коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузууга алып келген анык эмес (жалган) маалыматтарды таратуу, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса, - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Бишкек шаарынын мэриясы интернет булактарын жана ЖМК өкүлдөрүн маалыматты жарыялардан мурда анын чындыгын текшерүүгө жана расмий комментарий алуу үчүн Бишкек мэриясынын маалыматтык саясаты бөлүмүнө кайрылууга чакырат.