Бишкек шаарынын мэриясы 2050-жылга чейинки Бишкек шаарынын Башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуулар өтөрүн маалымдайт. Коомдук угуулар 2025-жылдын 24–25-декабрында райондор боюнча төмөнкү даректерде өткөрүлөт:
Ленин жана Биринчи Май райондору – Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 168а;
Октябрь району – Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын жыйын залында;
Свердлов району – Бишкек шаары, Үсөнбаев көчөсү, 200/1.
Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору менен төмөнкү жерлерден таанышууга болот:
электрондук түрдө – Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтынан (https://bishkek.gov.kg/ru/post/32391) же bishkek@meria.kg электрондук почтасы аркылуу сурап алууга болот.
кагаз түрүндө – Бишкек шаарынын мэриясында, дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 188, 2-кабат, №2 кабинет.
Бардык сунуштар жана эскертүүлөрдү төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүгө болот:
genplan@meria.kg
Коомдук угууларды өткөрүү убактысы угуу болорго бир жума калганда кошумча кабарланат.