Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Джунушалиев шаар куруу илимий изилдөө институтунун директору Павел Спирин жана Бишкек шаарынын башкы планынын долбоору боюнча жооптуу, ИИИнин өкүлү Ирина Гришечкина менен жолукту.
Жолугушууга мэрдин орун басары Азамат Кадыров, аппарат жетекчиси Ильяс Колопов, башкы архитектор Медер Кыдырмаев жана башка кызматкерлер да катышты.
П. Спирин шаарды комплекстүү куруу анализи аяктаганын айтып, деталдуу отчетту сунуштады.
Анын маалыматына ылайык, маалымат топтоо үчүн ар кандай мамлекеттик органдарга 200дөн ашуун суроо-талап жөнөтүлгөн.
Анализдин алкагында Бишкек шаарынын экономикасы, калктын жумуш менен камсыздалышы, жер жана мүлк мамилелери, экологиялык өзгөчөлүктөр, жол кыймылы жана коомдук транспорттун маселелери, социалдык инфратүзүмдүн учурдагы абалы ж.б. маселелер изилденген.
2050-жылга карата максаттар – Бишкектин борбордук статусун бекемдөө; шаарды Борбордук Азиядагы финансы жана логистика борбору катары өнүктүрүү; экономиканы диверсификациялоо жана экономикалык коопсуздукту камсыздоо; жашоого ыңгайлуу шаар чөйрөсүн түзүү; тең салмактуу транспорт системасын калыптандыруу жана элдин социалдык жыргалчылыгын жогорулатуу.
Жолугушууда мэр сунушталган долбоор боюнча тактоочу суроолорду берип, жыйынтыгында башкы планды иштеп чыккан адистерге ыраазычылыгын билдирип, долбоорду ыкчам жыйынтыктоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.



