Бишкек шаарында Чоңдорду окутуу декадасынын алкагында, DVV International Kyrgyzstan эл аралык уюмунун колдоосу менен экологиялык жашоо образын жайылтууга багытталган иш-чаралар өткөрүлдү.

Төлөгөн Касымбеков атындагы Борбордук шаардык китепкананын кызматкерлери Тоголок Молдо атындагы сейил бакта «Эко-жашоо — ар бир адам үчүн» аттуу флешмоб өткөрүштү. Бул иш-чара «Өсүү аймагы» чоңдорду окутуу борборунун Ачык эшик күндөрүн колдоо максатында уюштурулду. Уюштуруучулар каржылык колдоо көрсөткөн Titan Group Company компаниясынын директоруна ыраазычылык билдиришти. Флешмоб шаардын тургундарына жаратылышка аяр мамиле жасоо  менен коргоо   ар бир адамдын келечекке кошкон салымы экенин эске салды.

Мындан тышкары, Т. Касымбеков атындагы китепкананын имаратында «Эко-жашоо — ар бир адам үчүн» аттуу семинар өттү. Бул иш-чара КМУнун Кытай таануу факультетинин студенттеринде чоң кызыгууну жаратты. Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепканалар тармагынын  директору Кульсайра Дандыбаева куттуктоо сөзүн сүйлөп, экологиялык билим берүүнүн жана эко-адаттарды калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Семинардын программасына төмөнкүлөр кирди:
пластик бөтөлкөлөрдү экинчи жолу колдонуу боюнча мастер-класс;
«Майя шоу» тобунун чыгармачылык номери;
«Мен кантип эко-жашоого келдим?» аттуу ачык диалог.

Иш-чаранын жыйынтыгында фотосессия болуп, эң активдүү студенттерге белектер тапшырылды.

Семинар жана флешмоб экологиялык сабаттуулукту жогорулатууга, жергиликтүү демилгелерди колдоого жана шаар тургундары арасында жоопкерчиликтүү экологиялык жүрүм-турум маданиятын калыптандырууга багытталган тажрыйба жана идея алмашуу аянтчасы болду.