Бүгүн, 2025-жылдын 1-октябрында Курманжан Датканын эстелигинин жанында Карылар күнүнө жана Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата "Жүрөктөн жүрөккө" аттуу кайрымдуулук жарманкеси өттү.

Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева, мэрдин орун басары  Виктория Мозгачева, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык саламаттыкты сактоону башкаруу жана медициналык координация борборунун өкүлдөрү, ошондой эле AgeNet тармагы катышты.

Эл аралык карылар күнү – бул жөн гана календарлык дата эмес, улуу муунга алардын эмгеги, акылмандыгы жана  сүйүүсү үчүн ыраазычылык билдирүүгө мүмкүнчүлүк. Алардын аркасында биздин шаардын жана өлкөнүн келечегин кура турган бекем пайдубалыбыз бар.

"Бул жарманкенин алкагында дал ушул күнү ден соолукка кам көрүү жана өзгөчө колдоого муктаж адамдарга болгон урмат-сыйды бириктирип жатканыбыз өзгөчө маанилүү”, - деп белгиледи В.Мозгачева.

Жарманкеде улгайган катышуучулар кол өнөрчүлүк буюмдарын – токулган буюмдарды, декоративдик-прикладдык искусствону,   бышырылган азыктарды тартуулашты. Келүүчүлөр кандагы канттын деңгээлин акысыз текшерүүдөн өтүп, адистердин консультациясын алышты.

Иш-чаранын программасы кызыктуу жана ар түрдүү болду. Коноктор үчүн биринчи жардам көрсөтүү боюнча мастер-класстар, шахмат турнири, "Жүрөк кыймылда" флешмобу өттү. Иш-чара улгайган адамдардын көркөм чыгармачылык коллективдеринин, вокалдык жана бий ансамблдеринин катышуусундагы концерттик программа менен аяктады.