Бишкек шаардык прокуратурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгынын алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча тегерек стол өттү.

Бул жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасында 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (биринчи этап үчүн 2025-2027-жылдарга орто мөөнөттүү мезгилди камтыган) бекитилген.

Жыйынга Бишкек шаарынын прокурору Канат Насипов, мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, райондук муниципалдык администрациялардын башчылары жана башкалар катышты.

Катышуучулар райондук администрациялардын жана башка тиешелүү мекемелердин аткарган иштери боюнча отчетторду угушту.

Баяндамачылар кызматкерлер арасында системалуу жана ар тараптуу түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын, ошондой эле кадрларды натыйжалуу ротациялоо ишке ашырылып жатканын баса белгилешти.

Өз кезегинде М.Байгончоков  муниципалитет тарабынан окуу тренингдери, көз карандысыз эксперттерди тартуу, уруксат берүү жана мамлекеттик каттоону тартипке келтирүү, санариптештирүүнү күчөтүү жана башка камтылган Иш-чаралар планы иштелип чыкканын кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө К.Насипов өзгөчө көзөмөлдү талап кылган маселелерге формалдуу эмес, конкреттүү мамиле жасоонун маанилүүлүгүн,  аталган маселени натыйжалуу чечүү үчүн көзөмөлдү күчөтүү жана кошумча чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.