2025-жылдын 30-сентябрында А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган Эл аралык поэзия фестивалынын салтанаттуу ачылышы өттү.

Иш-чара акындын эстелигине гүл коюу аземинен башталды. Китепкананын ичинде «Манас» эпосуна, Чыңгыз Айтматовго жана Алыкул Осмоновго арналган көргөзмөлөр, ошондой эле сүрөтчүлөрдүн жана айкелчилердин эмгектери коюлду.

Фестиваль алкагында «Алыкул Осмонов – улуттук рух, адамзаттын мурасы» аттуу илимий-практикалык конференция өтүп, ага Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана ТҮРКСОЙ уюмунун өкүлдөрү катышты.

Салтанаттуу ачылышта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, ТҮРКСОЙдун өкүлдөрү, Маданият министрлигинин жетекчилери жана Түркия, Азербайжан, Россия менен Казакстандын делегациялары куттуктоо сөздөрүн айтышты. Достуктун белгиси катары Түркиянын Элазыг шаарынын губернатору менен мэрине улуттук белектер тапшырылды.

Фестивалда академик Советбек Байгазиев жана Осмонакун Ибраимов негизги баяндамалар менен чыгып, Осмоновдун чыгармачылыгы кыргыз элинин улуттук маданияты менен философиясындагы орду тууралуу белгилешти.

Иш-чара Түркиядан келген чыгармачыл топтордун жана «Манас» театрынын артисттеринин концерттик программасы  менен жыйынтыкталды.