Бишкек шаарынын мэриясы «Менин шаарым» мобилдик тиркемесин иштеп чыгууну улантууда, бул шаар тургундарынын жашоосун жана муниципалитет менен өз ара аракеттенүүсүн ачык-айкын жана натыйжалуу кылат.
Бүгүнкү күндө борбордун жашоочулары тиркеме аркылуу мэриянын жаңылыктарын, маанилүү маалыматтарды, кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн алышат.
Негизги мүмкүнчүлүктөр:
-Жарандардын кайрылуулары — «Менин шаарым» аркылуу 8296дан ашык арыз катталып, алардын аткарылышын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү бар.
-Коомдук транспорт — автобустардын жайгашкан жерин көрсөтүү, маршрут түзүү, ал эми көрүүсү начар жарандар үчүн келип-кетүүнү үн менен билдирүү.
-Кызматтар үчүн төлөмдөр — газ, электр энергиясы, суу жана таштанды чыгаруу үчүн тез жана коопсуз төлөмдөр.
-Унааларды эвакуациялоо — эвакуацияланган транспортту мамлекеттик номери боюнча издөө, автотоктотмонун дарегин жана кызматтын байланыштарын алуу.
-ӨКМ эскертүүлөрү — «112» тиркемеси менен интеграция.
-Шаар аралык транспорт — Чүй–Бишкек багытындагы маршруттарды көзөмөлдөө, географиясын кеңейтүү пландары менен.
Иштеп чыгууда жаңы кызматтар:
* ижарачылардын жеке кабинети;
* автоунаа токтотмолорун электрондук төлөө;
* шаар аралык каттамдарга билет брондоо жана сатып алуу.
Жыйынтык:
* 490 миң активдүү колдонуучу;
* 800 миңден ашык жүктөп алуу.
«Менин шаарым» — бишкектиктер үчүн негизги муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды бириктирген универсалдуу санариптик платформа.