Бишкекте жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда. Гоголь көчөсүндө «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын подряддык уюму тарабынан асфальт төшөө иштери жүргузүлүүдө.
Бүгүнкү күндө көчөнүн чыгыш тарабына Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин, батыш тарабы Бөкөнбаев көчөсүнөн Асыл-Таш турак жай комплексине чейин, Чүй проспектисинен А.Огонбаев көчөсүнө чейин чыгыш тарабына асфальт төшөө иштери аяктады. Калган тилкелерде асфальт төшөөгө даярдыктар уланууда.
Иш биринчи кезекте дем алыш күндөрү жүргүзүлүүдө. Буга Гоголь көчөсүндө жайгашкан билим берүү мекемелеринин жана иш күндөрү байкалган жөө жүргүнчүлөрдүн жана унаалардын көптүгү себеп болууда.
Мындан тышкары, оңдоо иштеринин алкагында ирригациялык системаны куруу каралган. Бул система суу агымын натыйжалуу башкарууга жардам берип, тротуарлардын узак кызмат кылуусун камсыздайт.