«Орто-Алыш» суу алуучу жайында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жана мэрдин орун басары Нургазы Курманбеков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен жолугушту.
Банк өкүлдөрү мурда ишке ашырылган долбоорлордун оң жыйынтыктарын белгилешип, жаңы багыттар боюнча кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Өз кезегинде Мирланбек Байгончоков шаардык инфраструктураны жакшыртууга багытталган долбоорлорду кароого даяр экенин баса белгиледи. Айрыкча, ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун модернизациялоо жана административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкекке кошулган жаңы конуштардагы инженердик тармактарды реконструкциялоо негизги артыкчылыктардын бири экенин белгиледи.
Мындан тышкары, борбордун чыгыш жана батыш бөлүктөрүндө саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруунун зарылдыгы дагы айтылды.
Ошондой эле Бишкек Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында буга чейин 120 заманбап электробус алганы баса белгиленди.
Борбор калаа транспорт, коммуналдык жана экологиялык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга ачык.