Бишкек шаарынын  мэриясында калаа башчысы Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында шаардын жол-транспорттук  инфратүзүмүн  өнүктүрүү боюнча штабдын жыйыны өттү.

Катышуучулар борбордун тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган маанилүү маселелерди талкуулашты. Тактап айтканда, жол жана тротуарларды оңдоо, жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү маселелери талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгында Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментине 2025-жылдын 1-ноябрына чейин 2026-жылы оңдолуп бүтө турган жолдордун жана тротуарлардын макулдашылган тизмесин даярдоо тапшырылды.

Мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө, ошондой эле муниципалдык ишканаларга оңдоо иштерине тоскоол болгон объекттерди 2026-жылдын 1-мартына чейин алууну аяктоо тапшырмасы берилди. Бул бекитилген тизме боюнча иштерди өз убагында бүтүрүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына  жол кыймылын эртең мененки 07:00дөн 10:00гө жана кечки 18:00дөн 20:00гө чейин күчөтүлгөн тартипте жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.