Шаардык муниципалитеттин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбеков менен EcoMotion компаниясынын төрагасы Кан Чжон Вон башында турган делегациясынын жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун негизги темасы — «Абанын булгануусун азайтуу жана Бишкек ЖЭБине жогорку чыңалуудагы электр энергия булактарын (HVPS) киргизүү боюнча интеграцияланган саясий-технологиялык чечимдер» долбоорун талкуулоо болду.

Мэрдин орун басары делегацияга шаардагы экологиялык абалды жана абанын сапатын жакшыртууга болгон кызыгуусу жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде, Кан Чжон Вон мырза компаниянын ишмердүүлүгү жана долбоордун негизги багыттары тууралуу маалымат берди.

EcoMotion компаниясы абаны тазалоо технологияларын жана жогорку чыңалуудагы электрофильтрлерди (HVPS) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, ошондой эле энергетика тармагында техникалык-экономикалык жана экологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча адистешкен.

Долбоордун алкагында Бишкек ЖЭБине HVPS-технологиясын киргизүүнүн алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси жүргүзүлөт. Ага төмөнкүлөр кирет: чаң чыпка  системаларына баа берүү; тазалоо жана энергияны үнөмдөө эффективдүүлүгүн моделдөө;  HVPSти киргизүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу;  мамлекеттик органдар үчүн сунуштарды даярдоо жана  Кыргыз Республикасы менен Түштүк Корея Республикасынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү.
Алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме Билимди алмашуу программасынын (Knowledge Sharing Program, KSP) алкагында ишке ашырыла тургандыгы жана анын жыйынтыктарын өлкөлөр аралык консультациялар аркылуу өнүктүрүүгө расмий жардам (Official Development Assistance, ODA) долбоорлору сыяктуу масштабдуу эл аралык демилгелерге жайылтуу пландаштырылууда.

«Таза аба — Бишкек» долбоорун ишке ашыруу демилгеси Бишкек шаарынын өнүгүү программасына кирет. Бул программанын негизги максаттарынын бири — шаар тургундарын таза аба менен камсыз кылуу жана экологиялык абалды жакшыртуу болуп саналат.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясы менен EcoMotion компаниясынын ортосунда экология жана энергетика тармагындагы мындан аркы кызматташууга негиз боло турган өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду.