Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгуунун жүрүшүндө шаарды өнүктүрүүнүн учурдагы абалы боюнча коомдук пикирди чогултуу жана шаардын өнүгүү перспективаларын аныктоо үчүн мэрияда жана долбоордун веб-сайттарында онлайн сурамжылоолор ишке киргизилген.

Сурамжылоого эң активдүү катышкандар – 26 жаштан 45 жашка чейинки курактагы жарандар. Натыйжада, катышуучулардын басымдуу бөлүгүн (78%) жогорку билимдүү, ар кайсы тармактагы адистер түзөт. 64% – шаарда туулуп-өскөндөр, 27% – Бишкек шаарында 10 жылдан ашык убакыт жашаган тургундар.

Изилдөөнүн негизги максаттарынын бири – шаардык мейкиндикти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана жашоочулардын пикири боюнча жетишсиз болгон маанилүү шаардык объекттерди белгилөө.

Сурамжылоого катышкан жарандардын 65%ы Бишкек шаарында сейил бактардын жана жөө жүрүүчү аймактардын жетишсиздигине көңүл бурушкан. Ошондой эле, тургундар жаңы жана кичи райондордо билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт тармактарындагы объектилер жетишсиз экенин белгилешти.

Шаарда жаңы объектилерди куруу жана алардын функционалдык багытын аныктоо жагынан катышуучулар төмөнкү тармактарды артыкчылыктуу деп эсептешет: аквапарк, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекстери, балдар жана аркан парктары, виртуалдуу саякат борборлору жана экстрим-парктар.

Ошондой эле, шаар тургундары транспорттук инфраструктурадагы көйгөйлөрдү - жол тыгындарын, тротуарлардын жоктугун жана коомдук транспорттун ашыкча жүктөлүшүн эң актуалдуу маселе катары белгилешти.

Жол тыгындарын азайтуу жана коомдук транспорттогу жүктөмдү жеңилдетүү максатында сурамжылоого катышкандар Бишкек шаарынын транспорттук системасын оптималдаштырууга багытталган бир катар чараларды - айланма жолдорду куруу жана учурдагы жолдорду кеңейтүү, жөө өтмөктөрдү куруу жана кошумча унаа токтотуучу жайларды уюштурууну  сунушташты.

Ошондой эле, экологиялык жактан таза транспорт түрүн жайылтуу жана автоунаа жолдорундагы жүктөмдү азайтуу максатында велосипед тебүүчүлөр үчүн өзүнчө веложолдорду куруу менен тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү сунушталууда. Сурамжылоого катышкан жарандардын үчтөн бири күнүмдүк сапарлары үчүн велосипедди активдүү колдонууга кызыкдар экенин билдиришкен.

Инженердик инфраструктура тармагында сурамжылоонун жыйынтыгы бул системалардын иштөө ишенимдүүлүгү орточодон жогору экенин көрсөттү. Тургундар көбүнчө калкты борборлоштурулган таза суу менен камсыздоо жана электр жарыгы кызматынын сапатына ыраазычылык билдиришкен.

Ошол эле учурда, сурамжылоого катышкандардын дээрлик баары (92,3%) таштандыларды бөлүп чогултуу демилгесин колдошот. Бирок, кайра иштетүү үчүн таштандыларды бөлүп чогултууга ылайыктуу контейнерлердин жана урналардын жетишсиздигин белгилешет. Сурамжылоого катышкан жарандардын 10%дан азынын жашаган жеринде жөө жетүүгө мүмкүн болгон таштанды контейнерлери бар.

Бул маселени чечүү үчүн тургундар заманбап таштанды кайра иштетүүчү завод курууну жана калк үчүн жеткиликтүү таштандыларды бөлүп чогултуу тутумун уюштурууну, анын ичинде айнек идиштерди кайра колдонууга шарт түзүүнү сунушташты.

Экологиялык абалдын сапаты тууралуу суроого жарандардын 15% гана экологиялык абалды канааттандырган. Шаар тургундарын биринчи кезекте шаарды жашылдандыруу, жаратылыш объекттерин жакшыртуу маселеси түйшөлтүүдө.

Тургундар ошондой эле шаардын түтүн көйгөйүнө тынчсыздануусун билдирип, абанын сапатын жакшыртуу жана жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн аны чечүүнү талап кылышууда.

Биз сиздин пикириңизди жана сунуштарыңызды кабыл алууну улантабыз.

1. https://forms.gle/sWA1JKErCTagXLkRA

2. https://forms.gle/P4tsrET28hyz2Mrr7

Кыргыз тилиндеги сурамжылоого шилтемелер:

1. https://forms.gle/oyS9zXoiKcj3rmy99

2. https://forms.gle/SNe8zgZmSgru37bh9

Шилтемелерге кирип, Бишкектин шаар чөйрөсүн өнүктүрүүгө салым кошуңуз. Сурамжылоонун жыйынтыктары, сиздердин пикириңиздер жана сунуштарыңыз талданат жана Бишкек шаарынын 2050-жылга башкы планынын долбоорун даярдоодо эске алынат.