Борбордун башкы планынын транспорттук бөлүгүн даярдоонун алкагында иштеп чыгуучулар Бишкектин транспорттук тармагына комплекстүү изилдөө жүргүзүштү.
Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен макулдашуу негизинде көчө-жол тармагынын 37 негизги кесилишинде, эл көп жүргөн сааттарда транспорттук жана жүргүнчү агымдары өлчөндү. Изилдөөнүн алкагында шаарга кирүү жана чыгуу жолдору, борбордук бөлүгү жана темир жол өткөөлдөрү камтылды.
Ошол эле учурда жол тыгындары боюнча ачык маалыматтарга мониторинг жүргүзүлүп, тургундардын транспорттук каттамдарына социологиялык изилдөө жүргүзүлө баштады.
Иштин жүрүшүндө жергиликтүү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жети жумушчу жолугушуу өткөрүлдү, анын ичинде:
* Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти;
* Бишкек шаардык курулуш жана архитектура башкы башкармалыгы;
* Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти;
* Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы;
* Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
* «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы;
* Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттик.
Жолугушууларда шаардын транспорт тармагындагы негизги маселелер, статистикалык маалыматтар, мурда иштелип чыккан долбоорлор каралып чыкты. Талкуулардын жыйынтыгында көчө, жол тармагын жана коомдук транспорттун каттамдарын мындан ары өнүктүрүү максатында негизги магистралдык коридорлорун визуалдык кароо өткөрүлдү. Анын ичинде Бишкектин түштүк айланма жолунун потенциалдуу маршрутуна талдоо жүргүзүлдү.
Туруктуу транспорт түрлөрүнө өзгөчө көңүл бурулду: шаардык чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталган Peshcom демилгеси менен жолугушуу өткөрүлүп, анда жумуш, эс алуу жана туристтик багыттар үчүн велосипед инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сунуштар талкууланды.