Москвада Бишкек мэриясы менен Москва өкмөтү шаарларды башкарууну санариптештирүү жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Документте тажрыйба алмашуу, инновациялык чечимдерди ишке ашыруу, шаарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу каралган.

Макулдашууга Кыргызстандын борборунан "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасынын директору Жумамүдүн Жумалиев катышкан «Булуттуу шаарлар: БРИКС шаарларынын келечеги боюнча форум» форумунун жүрүшүндө кол коюлду.

Форумдун катышуучулары турак жай-коммуналдык чарбадагы заманбап IT чечимдерди талкуулашты жана коммуналдык процесстерди автоматташтыруу боюнча ийгиликтүү тажрыйбалар менен бөлүшүштү.

Меморандумдун алкагында тараптар консультацияларды, семинарларды, конференцияларды өткөрүү, кесиптик тажрыйба алмашуу, эки борбордун тиешелүү уюмдары менен бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого макулдашышты.

Кол коюучулар бул өнөктөштүк акылдуу шаардык инфраструктураны жана туруктуу санариптик прогрессти мындан ары өнүктүрүү үчүн негиз болот деген ишенимин билдиришти.