Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясына ирригациялык тармактарды  реконструкциялоону,  тейлөөнү жана башкарууну жакшыртуу, борбордогу дарыялардын нугун жана каналдарын тазалоо үчүн атайын техникалар берилди.

Техникалар  шаардык экосистеманы чыңдоого, ирригациялык тармактарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана Бишкекте абанын сапатын жакшыртууга багытталган.

Тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү,  долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлери  катышты.

Бишкек шаарынын мэриясына 9 атайын техника, анын ичинде экскаваторлор, самосвалдар, ылай соргуч жана канализация тазалоочу жабдыктары бар комбинацияланган жүк ташуучу  техника берилди. Сатып алуунун жалпы баасы болжол менен 67,0 млн сомду түздү.

Сатып алынган техника сезондук жана авариялык иштерди жүргүзүүнүн ыкчамдуулугун жана сапатын бир кыйла жогорулатууга, шаардын ирригациялык тармактарын өз убагында тейлөөгө, ошондой  эле шаардын аймагында  өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берет.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Машиев мэриянын өкүлдөрүнө техникаларды тапшырып жатып, борбор калаанын абасынын сапатын жакшыртуу боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Мэр Айбек Джунушалиев өз кезегинде министрликке ыраазычылык билдирип,  алынган техника борборду жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн жакшы колдоо болорун белгиледи.