Бишкек мэриясынын жыйындар залында муниципалитет менен педагогикалык кадрларды даярдаган жогорку окуу жайлардын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, КРнын агартуу министри Догдургүл Кендирбаева, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, академик Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун ректорлору катышты. Меморандум педагогикалык кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле борбор калаанын мектептерин квалификациялуу адистер менен камсыздоо боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.
Документте педагогдорду максаттуу даярдоонун биргелешкен программаларын ишке ашыруу, студенттердин практикаларын жана стажировкаларын уюштуруу, бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, Бишкек шаарынын мектептик билим берүү системасында кадрлардын тартыштыгын жоюу боюнча чараларды көрүү каралган.
Катышуучулар кол коюлган меморандум борбор калаанын билим берүү мекемелеринин кадрдык потенциалын бекемдөө жолундагы маанилүү кадам болуп, мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө болоорун баса белгилешти.