Башкы планды иштеп чыгуучулар өлкөнү комплекстүү мейкиндигин өнүктүрүүнүн стратегиялык маселелерин талкуулап, Бишкек, Ош жана башка шаарларды артыкчылыктуу өнүктүрүүгө, ошондой эле жашоо үчүн бирдей, сапаттуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгына басым жасашты.
Эксперттер Кара-Балта, Токмок, Военно-Антоновка жана Чүй облусунун башка шаарлары менен курчалган Бишкектин агломерациялык байланыштарын өнүктүрүү багыттарын талкуулашты.
Ольга Друзина, НИИ ПГнын шаар куруу, экономика бөлүмүнүн жетекчиси: "Бишкек шаары – өлкөнүн башкы драйвери. Бишкекти активдүү өнүктүрүү комплекстүү өнүгүүнүн эффектин түзөт*,- деп белгиледи.
Ал ошондой эле шаарды сапаттуу кадрдык ресурстар менен камсыздоого, өнөр-жай аймактарын сактоого жана жандандырууга, калктын санынын өсүшүн эске алуу менен борбор калаанын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.
Башкы планды иштеп чыгуучулар бардык талкуулардын жана жолугушуулардын жүрүшүндө келип түшкөн бардык сунуштарды карап чыгышат жана аларды долбоордук чечимдерге киргизишет.
Белгилей кетсек, шаар тургундары Бишкектин башкы планын иштеп чыгуунун эффективдүү чечимдерин аныктоого багытталган социалдык жана транспорттук изилдөөлөргө катыша алышат. Сурамжылоолор Бишкектин башкы планынын расмий сайтында жайгаштырылган: https://genplan.bishkek.gov.kg/