Бүгүн, 2025-жылдын 18-сентябрында, саат 08:00дө Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ленин районундагы объектилерди кыдырып чыкты.
Лев Толстой көчөсүнүн Бакаев көчөсүнөн Некрасов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү реконструкция иштеринин жүрүшү текшерилди. Бул жерде жолду оңдоп -түзөө иштери жүргүзүлүп жатат, ал эми Бакаев көчөсүндө Л.Толстой көчөсү тараптан диаметри 300 мм газ түтүгүн жылдыруу жана жаан сууларын агызуучу канализация орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Леваневский көчөсүндөгү оңдоо иштери текшерилди. Бул жерде иштердин биринчи этабынын алкагында эски асфальт алынып, жаңы суу агызуу системасын орнотуу үчүн ирригациялык лотоктор жеткирилүүдө. Буга чейин оңдоо иштерине даярдык көрүү максатында кызыл сызыктын чегинен чыгып кеткен тосмолор алынган. Демонтаж 10дон ашык жеке менчик турак үйлөргө чектеш аймактарда жүргүзүлгөн.
Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан №40 орто мектеби үчүн кошумча класстарга арналган 1 кабаттуу имарат бөлүнүп берилүүдө.
Айбек Джунушалиев класстарды пландоо иштерин ыкчам тартипте жүргүзүүнү жана мамлекеттик ипатекалык үйлөрүндө жана жакынкы үйлөрдө жашаган балдардын билим алуусун камсыз кылуу маселесин кароону тапшырды.
Бердибаев көчөсүндө жол оңдоо иштери – тротуар жана жол куруу жүргүзүлүүдө.
Кыдыруунун жыйынтыгында жол оңдоо жана инженердик системаларды орнотуу иштеринде колдонулган материалдардын сапатына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.
Бишкек шаарынын ЖККБ жол оңдоо иштери жүрүп жаткан жана тыгындар күчөгөн тилкелерде жол кыймылын жөнгө салууну камсыз кылуу тапшырмасы берилди.
Мэр ошондой эле Жайыл Баатыр жана Б.Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган Нүзүп Эсенбай уулунун 230 жылдыгына арналган эстеликтин орнотулушун жана жалпы аянты 2,7 гектар болгон Мурман- Абакан көчөлөрүнүн кесилишиндеги сквердин жана Ж.А.Алыкулов атындагы спорт комплексинин курулушунун аяктоо иштерин көзөмөлдөдү.