Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында борбор калаанын төрт районунда профилактикалык рейддер өткөрүлдү.

Иш-чарага мэрдин орун басарлары Виктория Мозгачева, Азамат Кадыров, Нургазы Курманбеков, мэриянын аппарат жетекчиси Илияс Колопов,  райондук администрациялардын башчылары, жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, жергиликтүү аймактык башкармалыктардын, РИИБдин кызматкерлери катышты.

Рейддин жүрүшүндө түнкү клубдар жана оюн-зоок жайлары, анын ичинде буга чейин тургундардан арыз түшкөндөр текшерилди.

 Текшерилгендердин арасында «Арзуу», «Бархат», «Солист», «Шансон», «Скай Баку», «Season» жана «Бохо» бар. Мекеме ээлери менен профилактикалык иштер жүргүзүлүп, аларга түнкүсүн ызы-чуу болтурбоого, "Тынчтык жөнүндө" мыйзамынын талаптары боюнча маалымат берилди. Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору (ЦГСЭН) тарабынан «Кочевник», «My Shisha», «Season» мекемелерине жалпы суммасы 84 миң сом айып салынган.


Бишкек шаарынын мэриясы иш күндөрү саат 22:00дөн 7:00гө чейин, дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 9:00гө чейин тынчтыкты сактоону эскертет.


Шаар тургундарынын тынч чөйрөсүн камсыз кылуу максатында мындай рейддер үзгүлтүксүз уланат.