2025-жылдын 21-сентябрында борбор калаанын «Ала-Тоо» борбордук аянтында Bishkek Snow Leopard Run 2025 empowered by Visa эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт. Бул спорттук иш-чара Бишкекте алтынчы ирет уюштурулуп, салтка айланып калды. Иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен биргеликте уюштурууда.

Марафон борбордун негизги көчөлөрү: Чүй проспектиси, Ю. Абдрахманов көчөсү, Ч. Айтматов проспектиси жана башка белгилүү жайлар аркылуу өтөт. Башкы старттык аймак — «Ала-Тоо» аянты, ал эми 5 км аралыктагы чуркоо «Манас» кинотеатрынын алдынан (Ч. Айтматов проспектиси, 47а) башталат.

Катышуучулар 5 км, 14 км, 21,1 км жана 42,2 км аралыкты тандашат. Ал эми балдар үчүн атайын Kulikov Kid’s Run чуркоосу уюштурулуп, анда 100, 300, 500 метр жана 1 км аралык бар.

Старттын убактысы (21-сентябрь, 2025-жыл):
•07:00 — марафон 42,2 км
•07:05 — жарым марафон 21,1 км
•07:10 — 14 км
•09:00 — 5 км
•11:00 — Kulikov Kid’s Run
•10:00–14:30 — жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана байгелерди ойнотуу
•15:00 — иш-чаранын аякташы.