2025-жылдын 16-сентябрында А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында “IMPULSE 2025” мааракелик  Х Эл аралык чакан формадагы театралдык фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду.

Фестивалдын катышуучуларына жана конокторуна Бишкек шаарынын  мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев сөз сүйлөп, чыгармачылык алмашуу жана театр жаатында эл аралык кызматташтыкты бекемдөө үчүн маданий форумдун маанисин белгиледи.

Расмий ачылыш аземи фестивалдын программасын жандуу баштаган «Эсимде» спектакли менен уланды.

“IMPULSE” чакан формалардын эл аралык театралдык фестивалы салттуу түрдө Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин театр жамааттарын бириктирип, заманбап спектаклдерди, жаңы сахналык формаларды, оригиналдуу режиссёрдук ыкмаларды тартуулайт. 2025-жылдагы мааракелик фестиваль «Фестиваль-лаборатория» форматында өтүп, катышуучуларга тажрыйба алмашууга жана биргелешкен чыгармачылык долбоорлорду иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Фестиваль бир нече күнгө созулат жана спектаклдерди, чыгармачылык жолугушууларды жана мастер-класстарды камтыган бай программаны убада кылат.