Бишкек шаарынын аймагын комплекстүү шаар курууга талдоо  өткөрүү максатында Шаар куруу илимий-изилдөө институтунун (НИИ ПГ) адистери тарабынан баштапкы маалыматтарды чогултуу иштери жүргүзүлүүдө.

Институттун экономика бөлүмүнүн өкүлдөрү шаар аймагын кенен изилдеп, социалдык инфраструктура тармагындагы көйгөйлөрдү аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Мындан сырткары, тиешелүү шаардык кызматтардын жана тармактык адистердин катышуусунда жолугушуулар болуп өттү.

Бишкек шаарынын мэриясында өткөн жыйында борбор калаанын келечектеги экономикалык өнүгүү багыттары, шаар түзүүчү базаны калыбына келтирүүнүн зарылдыгы, артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду жайгаштыруу, калктын санын болжолдоо маселелери талкууланды.

Шаардын активдүү өсүшүнө байланыштуу социалдык объектилердин жетишсиздиги байкалууда, бул өзгөчө билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында курч сезилүүдө.

Башкы план социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча маселелерди комплекстүү чечүүгө багытталган: документте бала бакчалардын, мектептердин, оорукана жана бейтапканалардын, тез жардам станцияларынын, спорт комплекстеринин жана маданий объектилердин нормативдик керектүү саны аныкталат.